Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси-министринин (Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жазык-процесстик мыйзамдарды мындан ары өркүндөтүү жөнүндө) буйруку
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 23-июлу № 74 Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жазык-процесстик мыйзамдарды мындан ары өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ (мындан ары - эксперттик жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эксперттик жумушчу топ:
- үч айлык мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) иштеп чыксын;
- иштелип чыккан Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 25-февралындагы № 99 буйругу менен түзүлгөн кенемтелерди жана карама-каршылыктарды табуу максатында сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талдоо боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна киргизсин.
3. Эксперттик жумушчу топко төмөнкүлөргө укук берилсин:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суратууга жана алууга.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Т.Темиралиев
Тиркеме
Эксперттик жумушчу топтун КУРАМЫ
Кулбаев Аслан Касымалиевич
-
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин доценти, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Сыдыков Аскат Шаршекович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);
Джаналиев Бекболот Болотбекович
-
Бишкек шаарынын Октябрь районунун судьясы (макулдашуу боюнча);
Жунусов Азамат Акматалиевич
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Сарбагыш уулу Тилек
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы;
Сыдыкова Лейла Чынтургановна
-
Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык иштер боюнча проректору, юридика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
Камолидинов Сирожиддин Дилаворжанович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыкчам-издөө иштерин, тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча);
Эсенбаев Максат Бердибекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Джалгасынов Мирлан Джанышбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финполиция) тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Макилов Султан Бейшенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын бөлүмүнүн башчысы;
Куватбеков Каныбек Бейшенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин республикалык окуу борборунун жазыктык укук циклинин начальниги;
Летова Ирина Витальевна
-
көз карандысыз укуктук эксперт (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 25- февралындагы № 99 (Кенемтелерди жана карама-каршылыктарды табуу максатында сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз…Распоряжение · 25.02.2019 · № 99
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон