Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Биосфералык аймактар жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары, 1999-жылдын 9-июну № 48
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55, 2020-жылдын 13-мартындагы № 26, 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1999-жылдын 13-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактардын түзүлүшүнүн жана ишинин укуктук негиздерин аныктайт.
1-статья. Биосфералык аймактардын түзүүнүн максаты
Биосфералык аймактар:
- жаратылыш менен маданияттын мурастарына бай табигый аймактарды сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу;
- аймактардын экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө узак мезгилдүү, туруктуу колдоо көрсөтүү, анын ичинде жаратылыш ресурстарын сактоо жана калыбына келтирүү максатында рекреациялык пайдалануу;
- узак мөөнөткө эсептелген экологиялык контролдоо, мониторинг жана экологиялык изилдөөлөр, ошондой эле экологиялык агартуу жана тарбиялоо максатында уюштурулат.
2-статья. Биосфералык аймактар түшүнүгү жана статусу
Биосфералык аймактар жер бетиндеги жана суудагы экологиялык тутумдардын участокторун же алардын биологиялык ар түрдүүлүктүн туруктуу тең салмактуулугун, экологиялык өнүгүүнү текшерүүнү жана маданий баалуулуктарды коргоону камсыз кылуучу айкалышын билдирет. Биосфералык аймактар өздөрү үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген улуттук деңгээлдеги өзгөчө корголуучу аймактардын статусуна ээ. Биосфералык аймак өзгөчө жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоочу мааниге ээ. Биосфералык аймактын статусу төмөнкүлөр менен аныкталат:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын болушу;
- флоранын жана фаунанын объекттеринин ар түрдүүлүгү, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан түрлөрү;
- жаратылыш жана тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси;
- туристтик, курорттук-рекреациялык комплекси.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Биосфералык аймактар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мый замдары
Биосфералык аймактарды түзүү жана иштетүү жагындагы мамилелер жаратылышты коргоо мыйзамдары, ушул Мыйзам, Биосфералык аймак жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актылары менен жөнгө салынат.
4-статья. Биосфералык аймактарды түзүүнүн тартиби
Биосфералык аймактар Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү илимий негиздөөнүн жана техникалык долбоордун негизинде түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Биосфералык аймактар жөнүндө жобого ылайык иштейт. Биосфералык аймак жөнүндө жобо биосфералык аймактын чек араларын, пайдалануунун ар кандай режимдери бар зоналарга бөлүнүшүн, биосфералык аймактын башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы менен алардын өз ара аракеттенүүсүн, жаратылышты коргоо иш-чараларын, ошондой эле биосфералык аймактын иштеши үчүн зарыл болгон башка маселелерди аныктайт. Түзүлгөн биосфералык аймактар эл аралык биосфералык резерваттар тутумуна киргизүү үчүн ЮНЕСКОго берилет, бул ЮНЕСКОнун тиешелүү ырастамасын берүү менен далилденет. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому
5-статья. Биосфералык аймактардын жаратылышты коргоо зоналары жана режими
Биосфералык аймактар ар кандай коргоо жана пайдалануу режимдери бар зоналарга бөлүнөт:
- ядро зонасы-аймактын бүткүл жаратылыш комплекси өтө катуу корголгон, илимий изилдөөлөр жана экологиялык тутумдардагы өзгөрүүлөргө мониторинг, жаратылыштын табигый өнүгүү процесстерин бузбоочу башка иш-чаралар жүргүзүлүүчү участогу;
- буфердик зона-аймактын демейде ядро зонасын курчап же чектеш турган жана айыл чарбасына жарактуу жерлерди, экологиялык туризмди регламенттеп пайдаланууну кошуп алганда чарба жүргүзүүнүн экстенсивдүү түрүндөгү салтка айланган иштер, экологиялык туризм үчүн, ошондой эле ар кандай илимий изилдөөлөр үчүн жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу участогу;
- өткөөл зона-аймактын экологияга багытталган чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн пайдаланылган участогу;
- санация зонасы-аймактын регенерациялык жана калыбына келтирүү чараларын талап кылган участогу.
Биосфералык аймактын зоналарга бөлүштүрүлүшү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын категориясын жана статусун эске алуу менен тиешелүү илимий негиздөөлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат. Ядро зонасы бүткүл ландшафттык жана биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышын камсыз кылуучу катуу корголуучу борбордук участокторду камтыйт. Бул зонада ар кандай чарбалык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Ядро зонасында илим-изилдөө жана жаратылышты коргоо иштери менен "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 10, 13-статьяларына ылайык корголуучу коомдоштуктарга таасир этүүчү эң төмөнкү мониторинг өткөрүүгө гана уруксат берилет. Буфердик зонада ядро экологиялык тутумунун абалына терс таасир этүүнү болтурбоочу иштердин ар кандай түрлөрү:
- илимий изилдөөлөр жана адистерди окутуунун жана даярдоонун борборлорун уюштуруу;
- айлана-чөйрөнүн мониторинги жана экологиялык тутумдардын өзгөрүшүн контролдоо;
- токой чарба иши жана токой массивдерин коргоо;
- ядронун узак мезгилдүү сакталышын жана биологиялык ар түрдүүлүгүнүн бузулбастыгын камсыз кылуунун алкагындагы салтка айланган жерди пайдалануу;
- экологиялык жол берилүүчү ченемдерде тыкыр контролдонуучу жана жөнгө салынуучу рекреациялык пайдалануу, жаратылышта эс алуу,туризм;
- минералдык сууларды жана дарылоо ресурстарын пайдалануу;
- экологиялык агартуу, демонстрациялык участокторду, суу технологияларынын борборлорун уюштуруу жана жаратылышты пайдалануунун окутуп-үйрөтүүчү программалары менен менеджментин өткөрүү жүзөгө ашырылат.
Буфердик зонада жаңы конуштарды түзүүгө, өнөр жай объекттерин жайгаштырууга жана пайдаланууга, өндүрүштүк объекттерди курууга жана пайдаланууга, токойду калыбына келтирүүчү кыюулардан тышкары башкы пайдалануу тартибинде токойлорду кыюуга, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн кое берүүгө (климатташтырууга), ядронун суу режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана бүтүндөй экологиялык тутумга таасир этүүгө жөндөмдүү башка ишке тыюу салынат. Өткөөл зонада өндүрүштүк иштин ар кандай түрлөрүнө жол берилет. Ошол аймакта жашоочу, экономикалык жактан кызыккан топтор жана жарандар өндүрүшкө жана аймактын экологиялык жана экономикалык жактан туруктуулугун камсыз кылуучу экологиялык талаптарды сактоо менен жаратылыш ресурстарын узак мезгилдүү пайдаланууга биргелешип катышат. Өткөөл зонада айдоого жарактуу жерлер, айыл чарба, өндүрүштүк жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексттери, минералдык суулардын булактары, ошондой эле өндүрүштүк борборлору бар эксперименттик участоктор жайгаштырылат. Санация зонасында бузулган ландшафттарды калыбына келтирүү максатында регенерациялык, рекультивациялык, ремедиациялык, эрозияга каршы, жайыттарды калыбына келтирүүчү жана токой тигүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат. Биосфералык аймактарда геологиялык издөө иштери, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы № 26, 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Жаратылышты пайдалануунун ченемдери
Биосфералык аймакта жаратылыш ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун зоналар боюнча айрым-айрым режимдери белгиленет. Жаратылышты пайдалануунун тартиби, ченемдери колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
7-статья. Биосфералык аймактарды башкаруу
Биосфералык аймакты башкаруу Биосфералык аймак жөнүндө жобонун негизинде түзүлүүчү дирекция тарабынан жүзөгө ашырылат. Биосфералык аймактын дирекциясы юридикалык жак болуп саналып, республикалык бюджеттин эсебинен күтүлөт жана өзү карамагында турган орган тарабынан бекитилүүчү ал жөнүндө жобого ылайык иштейт. (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
71-статья. Илимий-изилдөө иши
Биосфералык аймактагы илимий-изилдөө иши жаратылыш комплекстерин жана (же) объекттерин изилдөөгө, экологиялык кырдаалды баалоо жана алдын ала болжолдоо максатында жаратылыш процесстеринин динамикасына байкоо жүргүзүүгө, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгууга, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү коргоого, жаратылыш ресурстарын кайра өндүрүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Каржылоо
Биосфералык аймактардын иштеши боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык бюджеттин, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, экологиялык төгүмдөрдүн жана мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55, 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Компенсациялык чаралар
Биосфералык аймактардагы жаратылышты пайдалануу маселелерине айрым чектөөлөр киргизилген учурда жергиликтүү калкка келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте компенсацияланат.
10-статья. Биосфералык аймактын зоналарынын режимин бузгандык үчүн жоопкерчилик
Жаратылышты пайдалануу жана биосфералык аймакты коргоо режимдерин бузууда күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 1999-жылдын 25-июнунда № 51 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 22
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабры № 768 "2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү…Постановление · 02.12.2025 · № 768
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы №281 токтомунун "«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү жонундо" концепциясыКонцепция · 08.05.2009 · № 281
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы…Постановление · 29.05.2023 · № 288
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.05.2024 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы…Постановление · 04.07.2024 · № 362
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 590-т ("Ысык-Көл" биосфералык аймагын зоналаштыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды тактоо жана шайкеш келтирүү…Распоряжение · 02.11.2022 · № 590-р · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 1 марта 1999 года №118 "Об индикативном плане социально-экономического развития Кыргызской Республики на 1999-2001 годы"Постановление · 01.03.1999 · № 118 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 12-июнундагы ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоо боюнча кечикткрилгис чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.06.2009 · № 272 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
- Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 24.01.2000 · № 40
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.01.2000 · № 40
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (22)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (Кыргыз Республикасынын…План · 04.09.2023 · № 513-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 1723-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 21-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 21.12.2023 · № 1723-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 8-февралындагы № 1865-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 8-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 08.02.2024 · № 1865-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3159-VI "Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жөнүндө, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Курчап турган чөйрөнү коргоо…Постановление · 26.06.2019 · № 3159-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы № 3426-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2019 · № 3426-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 30-январындагы № 3515-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 30-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2020 · № 3515-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 23.05.2013 · № 279
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 8-февралындагы № 1869-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Биосфералык аймактар…Постановление · 08.02.2024 · № 1869-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-ноябрындагы № 3341-VI "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 13.11.2019 · № 3341-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы № 3434-VI "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 12.12.2019 · № 3434-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы № 3521-VI "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 05.02.2020 · № 3521-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын…Распоряжение · 04.09.2023 · № 513-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-августундагы № 553 "Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладды жактыруу тууралуу" токтомуПостановление · 07.08.2012 · № 553 · Күчүн жоготкон
- (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 506 Жарлыгы менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун КонцепциясыКонцепция · 23.11.2007 · № 506 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлерин сактоо боюнча 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды жана…Постановление · 18.10.2013 · № 569 · Күчүн жоготкон
- Приказ Министерства охраны окружающей среды КР от 8 сентября 2000 года № 140 (Об утверждении Положения "О дирекции биосферной территории "Ысык-Кёль")Приказ · 08.09.2000 · № 140 · Күчүн жоготкон
- Постановление Иссыккульского областного кенеша депутатов Кыргызской Республики от 29 июня 2004 года №1/133 "Об экологических постах "Биосферной территории "Ысык-Кель"29.06.2004 · № 1/133 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин 2008-жылдын 24-сентябрынын № 01-13/179 Ысык-Көл"…Приказ · 24.09.2008 · № 01-13/179 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госагентства по охране окружающей среды и лесхозяйству КР от 24 сентября 2008 года № 01-13/179 "Об утверждении размеров сборов за въезд транспортных средств в биосферную…
22 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.