5-статья. Биосфералык аймактардын жаратылышты коргоо зоналары жана режими
Күчүндө · 06.05.2024 редакциясы
Биосфералык аймактар ар кандай коргоо жана пайдалануу режимдери бар зоналарга бөлүнөт:
- ядро зонасы-аймактын бүткүл жаратылыш комплекси өтө катуу корголгон, илимий изилдөөлөр жана экологиялык тутумдардагы өзгөрүүлөргө мониторинг, жаратылыштын табигый өнүгүү процесстерин бузбоочу башка иш-чаралар жүргүзүлүүчү участогу;
- буфердик зона-аймактын демейде ядро зонасын курчап же чектеш турган жана айыл чарбасына жарактуу жерлерди, экологиялык туризмди регламенттеп пайдаланууну кошуп алганда чарба жүргүзүүнүн экстенсивдүү түрүндөгү салтка айланган иштер, экологиялык туризм үчүн, ошондой эле ар кандай илимий изилдөөлөр үчүн жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу участогу;
- өткөөл зона-аймактын экологияга багытталган чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн пайдаланылган участогу;
- санация зонасы-аймактын регенерациялык жана калыбына келтирүү чараларын талап кылган участогу.
Биосфералык аймактын зоналарга бөлүштүрүлүшү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын категориясын жана статусун эске алуу менен тиешелүү илимий негиздөөлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат. Ядро зонасы бүткүл ландшафттык жана биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышын камсыз кылуучу катуу корголуучу борбордук участокторду камтыйт. Бул зонада ар кандай чарбалык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Ядро зонасында илим-изилдөө жана жаратылышты коргоо иштери менен "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 10, 13-статьяларына ылайык корголуучу коомдоштуктарга таасир этүүчү эң төмөнкү мониторинг өткөрүүгө гана уруксат берилет. Буфердик зонада ядро экологиялык тутумунун абалына терс таасир этүүнү болтурбоочу иштердин ар кандай түрлөрү:
- илимий изилдөөлөр жана адистерди окутуунун жана даярдоонун борборлорун уюштуруу;
- айлана-чөйрөнүн мониторинги жана экологиялык тутумдардын өзгөрүшүн контролдоо;
- токой чарба иши жана токой массивдерин коргоо;
- ядронун узак мезгилдүү сакталышын жана биологиялык ар түрдүүлүгүнүн бузулбастыгын камсыз кылуунун алкагындагы салтка айланган жерди пайдалануу;
- экологиялык жол берилүүчү ченемдерде тыкыр контролдонуучу жана жөнгө салынуучу рекреациялык пайдалануу, жаратылышта эс алуу,туризм;
- минералдык сууларды жана дарылоо ресурстарын пайдалануу;
- экологиялык агартуу, демонстрациялык участокторду, суу технологияларынын борборлорун уюштуруу жана жаратылышты пайдалануунун окутуп-үйрөтүүчү программалары менен менеджментин өткөрүү жүзөгө ашырылат.
Буфердик зонада жаңы конуштарды түзүүгө, өнөр жай объекттерин жайгаштырууга жана пайдаланууга, өндүрүштүк объекттерди курууга жана пайдаланууга, токойду калыбына келтирүүчү кыюулардан тышкары башкы пайдалануу тартибинде токойлорду кыюуга, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн кое берүүгө (климатташтырууга), ядронун суу режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана бүтүндөй экологиялык тутумга таасир этүүгө жөндөмдүү башка ишке тыюу салынат. Өткөөл зонада өндүрүштүк иштин ар кандай түрлөрүнө жол берилет. Ошол аймакта жашоочу, экономикалык жактан кызыккан топтор жана жарандар өндүрүшкө жана аймактын экологиялык жана экономикалык жактан туруктуулугун камсыз кылуучу экологиялык талаптарды сактоо менен жаратылыш ресурстарын узак мезгилдүү пайдаланууга биргелешип катышат. Өткөөл зонада айдоого жарактуу жерлер, айыл чарба, өндүрүштүк жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексттери, минералдык суулардын булактары, ошондой эле өндүрүштүк борборлору бар эксперименттик участоктор жайгаштырылат. Санация зонасында бузулган ландшафттарды калыбына келтирүү максатында регенерациялык, рекультивациялык, ремедиациялык, эрозияга каршы, жайыттарды калыбына келтирүүчү жана токой тигүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат. Биосфералык аймактарда геологиялык издөө иштери, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы № 26, 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.05.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 мая 2024 года № 82 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Недрах", "О биосферных территориях")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 марта 2020 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О биосферных территориях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
06.05.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана пайдаланууга, өндүрүштүк объекттерди курууга жана пайдаланууга, алынып салынды: геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана пайдалуу кендерди иштетүүгө, токойду калыбына келтирүүчү кыюулардан тышкары башкы пайдалануу … калыбына келтирүүчү жана токой тигүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат.
кошулду: Биосфералык аймактарда геологиялык издөө иштери, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы № алынып салынды: 26 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 26, 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/213/st-5" title="5-статья - Биосфералык аймактар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>