Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2000-жылдын 24-январы № 40
"Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы N 523, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288, 2024-жылдын 4-июлундагы № 362, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-сентябрындагы № 623 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө" токтомун ишке ашыруу үчүн, Ысык-Көл областынын ландшафттык, биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоону күчөтүү, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобого ылайык жерге ээлик кылуунун жана пайдалануунун учурдагы структурасын сактоо менен биосфералык аймакта 4 зона бөлүнсүн.
№
Зонанын аталышы
Аянт (га менен)
1
Өзөк зонасы
729220
2
Буфердик зона
2577995,38
3
Өткөөл зона
647000,62
4
Санация зонасы
360184
Баары:
4314400
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 362, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Козголбос мүлккө укукту катоо боюнча мамлекеттик агентство жана Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы менен бирдикте 2000-жылдын биринчи жарымында өзөктүк, буфердик, өткөөл зоналардын, биосфералык аймактын санация зонасынын чектерин аныктасын жана жерлерди менчик ээлеринен жана жер пайдалануучулардан албастан жерге жайгаштыруу материалдарын тастыктасын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын башкаруу органынын - дирекциясынын структурасын, штатын жана сарптоолорунун сметасын аныкталган тартипте түзсүн жана бекитсин;
- Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын жаратылышын эл аралык стандарттарга, биосфералык резерваттар жөнүндө Севиль Стратегиясында айтылган максаттарга жана милдеттерге ылайык пайдалануу режимдерин башкарууну жана көзөмөлдөөнү камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы N 523 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, менчигинин түрүнө карабастан бардык чарбакер субъекттер "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобонун талаптарынын аткарылышын камсыздашсын жана өзгөчө корголуучу аймактар тармагындагы нормативдик укуктук актыларды ага ылайык келтиришсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматына тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Муралиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы N 40 токтомуна N 1 тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы N 40 токтомуна N 2 тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (12)
- Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 24.01.2000 · № 40
- Биосфералык аймактар жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 48
- Жерди которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө токтомуПостановление · 08.06.2026 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №682 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону…Постановление · 19.09.2006 · № 682
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 296 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы…Постановление · 28.04.2026 · № 296
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 3 августа 2002 года № 523 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 03.08.2002 · № 523
- Постановление Иссыккульского областного кенеша депутатов Кыргызской Республики от 29 июня 2004 года №1/133 "Об экологических постах "Биосферной территории "Ысык-Кель"29.06.2004 · № 1/133 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ "Ысык-Көл" биосфералык аймагына транспорт каражаттарынын…Приказ · 24.09.2008 · № 01-13/179 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин 2008-жылдын 24-сентябрынын № 01-13/179 Ысык-Көл"…Приказ · 24.09.2008 · № 01-13/179 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госагентства по охране окружающей среды и лесхозяйству КР от 24 сентября 2008 года № 01-13/179 "Об утверждении размеров сборов за въезд транспортных средств в биосферную…
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681-токтомуПостановление · 15.12.2016 · № 681
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы № 263 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын…Постановление · 28.06.2005 · № 263 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 24.01.2000 · № 40
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3159-VI "Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жөнүндө, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Курчап турган чөйрөнү коргоо…Постановление · 26.06.2019 · № 3159-VI
- Постановление Правительства КР от 25 сентября 1998 года N 623 "О биосферной территории Ысык-Кель"Постановление · 25.09.1998 · № 623
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы…Постановление · 29.05.2023 · № 288
7 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2030-жылга чейинки мезгилге "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын…Концепция · 02.12.2025 · № 768
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 23.05.2013 · № 279
- Постановление Правительства КР от 5 ноября 2002 года №738 "О внесении изменении и дополнении в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 05.11.2002 · № 738
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн…Постановление · 15.12.2016 · № 681 · Күчүн жоготкон
- Приказ Министерства охраны окружающей среды КР от 8 сентября 2000 года № 140 (Об утверждении Положения "О дирекции биосферной территории "Ысык-Кёль")Приказ · 08.09.2000 · № 140 · Күчүн жоготкон
- Положение о дирекции биосферной территории "Ысык-Кёль" (Утверждено приказом Министерства охраны окружающей среды Кыргызской Республики от 8 сентября 2000 года № 140)Приказ · 08.09.2000 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 13.03.2013 · № 131