Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 23-майы № 279 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Ысык-Көл" биосфералык аймагына жарандардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин, "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобонун 31-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 24.01.2000 · № 40
- Постановление СНП Жогорку Кенеша КР от 16 ноября 2001 года П N 336-II-7 "Об исполнении законов Кыргызской Республики "Об особо охраняемых природных территориях", "О биосферных…Постановление · 16.11.2001 · № 336-II-7
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Биосфералык аймактар жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 48
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.01.2000 · № 40