Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1999-жылдын 2-июну № 46
Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 11-майындагы № 78, 2011-жылдын 22-июлундагы № 119, 2012-жылдын 9-июнундагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин колдонууга киргизилиши менен төмөндөгүлөр:
- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 254-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 254-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 19-апрелиндеги № 429-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 255-ст.);
- "Жер реформасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл № 8, 258-ст.);
- "Жер реформасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 19-апрелиндеги № 433-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 259-cт.);
- "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 17, 527-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
3-статья.
Мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирилгенге чейин Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Жер кодексине карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонулат. Мында Жер кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен гана жөнгө салына турган ченемдик укуктук актылары мындан ары тиешелүү мыйзамдар колдонууга киргизилгенге чейин колдонулат.
4-статья.
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси өзү колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан жерге байланыштуу укуктук мамилелерге карата колдонулат. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси өзү колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан жерге байланыштуу укуктук мамилелер боюнча болсо, өзү колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктар менен милдеттерге карата колдонулат.
5-статья.
1. Чарба жүргүзүү жана оперативдик башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик жана коммуналдык ишканалар, жер участокторун акысыз түрдө мөөнөтсүз пайдаланууга алган мамлекеттик жана коммуналдык мекемелер, коомдук бирикмелер, коомдук фондулар жана диний уюмдар өздөрү жоюлган учурда жер участокторун ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берет. Имараттар жана курулуштар жайгашкан жер участогуна байланыштуу маселелер имараттарга жана курулуштарга ылайык чечилет.
2. Мамлекеттик жана коммуналдык ишканалар менчиктештирилгенде жер участогунун наркы мүлктүк комплекстин наркына киргизилет.
6-статья
6-статья.
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин белгиленген тартипте жер участогун туруктуу, убактылуу пайдаланууга же өмүр бою мурастап ээлик кылууга укук алган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогуна болгон жеке менчик укугу документтерди кандайдыр-бир түрдө кайра толтурбастан, бекер жана кошумча акысыз, атап айтканда, алардын:
- жер үлүшүнө болгон укугу;
- бакча алдындагы, багбанчылык-дачалык жер участогуна болгон укугу;
- турак жай жана дача үйлөрүнүн алдындагы жер участокторуна болгон укугу;
- турак жай жана дача үйлөрүн куруу үчүн берилген жер участокторуна болгон укугу таанылат.
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин айыл чарба багытындагы жер участокторун чарбалык орточо жер үлүшүнүн белгиленген өлчөмүнөн жогору пайдаланууга укук алган жана ал үчүн акчалай компенсацияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте төлөгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогуна болгон менчик укугу жер участогуна болгон жеке менчик укугун күбөлөндүргөн документти кийин толтуруу менен жүргүзүлөт. Мында жер үлүшүнүн белгиленген өлчөмүнөн ашык жер участоктору үчүн акчалай компенсацияны төлөгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан жер участогуна менчик укугун күбөлөндүрүлгөн документтерди толтурууда кошумча акы алынбайт.
3. (КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын:
- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин убактылуу пайдаланууга же ижарага алган жана жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн өз каражаттарынын жана заемдук каражаттардын эсебинен жерлерди түп-тамырынан жакшыртуу аркылуу айыл чарба жүгүртүүсүнө тарткан жарандарынын;
- түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин уруксатсыз ээлеп алган жана өз каражаттарынын жана заемдук каражаттарынын эсебинен жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн өз каражаттарынын жана заемдук каражаттардын эсебинен жогорулатуу аркылуу жерлерди түп-тамырынан жакшыртуу аркылуу айыл чарба жүгүртүүсүнө тарткан жана Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин тиешелүү аймактык деңгээлдеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан жерлери алынып коюлбаган жарандарынын жер участогуна менчик укугу бекер жана кошумча акысыз, жер участогуна болгон менчик укугун күбөлөндүргөн документин кийин толтуруу менен таанылат.
5. Айыл жеринде туруктуу жашап жаткан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жер үлүшүн алууга укугу бар, бирок ар кандай себептерден улам Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилген учурга карата аны ала албай калган Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрү төмөндөгүлөрдүн жер участкаларынын эсебинен бекер берилет:
- жер үлүштөрүн алып, бирок ар кандай себептер менен жарандыгын алмаштырганына байланыштуу тиешелүү документтерин жол-жоболоштурбай калган адамдардын;
- мураскорлору жок өлгөндөрдүн;
- өз участкаларынан тиешелүү тартипте баш тарткан адамдардын;
- мыйзамдарга ылайык алынып коюлган жер участкаларынын;
- кунарсыз айыл чарба жерлеринин;
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 20-статьясына ылайык Айыл чарбасына жарактуу жерлерди Мамлекеттик фондунун керектелбеген жерлеринин эсебинен жогоруда саналгандай жерлер тартыш болгон өзгөчө бир учурларда.
Айыл жеринде туруктуу жашап жаткан, жер үлүшүн өз убагында алган, бирок ар кандай кырдаалдардан улам аларды Айыл чарбасына жарактуу жерлерди Мамлекеттик фондуна өткөрүп берген Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрү Айыл чарбасына жарактуу жерлерди Мамлекеттик фондунун жер участкаларынын эсебинен биринчи кезекте бекер берилет. Жердин бул категорияларынын жер үлүштөрүнүн чектелүү өлчөмдөрү айылдык, поселкалык кеңештер тарабынан аныкталат жана райондук кеңештер тарабынан бекитилет.
6. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү менен мамлекеттик асыл тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялардын жана полигондордун, окуу жайларынын жана илим-изилдөө институттарынын жана башка айыл чарба багытындагы мамлекеттик субъектилердин көмөкчү пункттарынын жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда аныкталган тартипте айыл чарба жерлеринин (жайыттардан башка) 75 проценттен кем эмес өлчөмүндө ушул чарбанын аймагында иштеген жана жашаган жарандарга жер үлүшү катарында берилүүгө тийиш. Айыл чарба жерлеринин калган 25 проценти (жайыттардан башка) төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
көрсөтүлгөн жерлердин 1/4 үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык жана эксперименталдык чарбаларга; көрсөтүлгөн жерлердин 3/4 бөлүгү:
- калк жашаган пункттарды өнүктүрүүнүн башкы планына ылайык аларды кеңейтүү үчүн;
- (бешинчи абзац КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө айкын жана ачык сооданын негизинде ижарага, асыресе артыкчылыктуу жеңилдик шарттары менен узак мөөнөттүү ижарага үрөнчүлүк, асыл тукум өстүрүүчү, эксперименталдык, окуу-тажрыйба чарбаларына, тажрыйба станцияларына жана таяныч пункттарына, мамлекеттик сорт сыноочу станцияларга жана участкаларга ошондой эле айыл чарба кооперативдерине менчигинин уюштуруучулук-укуктук формасына жана түрүнө карабастан берүү үчүн;
- аталган чарбанын чегинен тышкары иштеген жана жашаган (анын ичинде ушул чарбадан чыккандар), аталган чарбанын аймагына 1996-жылдын 1-июлуна чейин туруктуу жашоого келген жарандар үчүн-чарбалык орточо жер үлүшүнүн өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн.
7. Мамлекеттик, коммуналдык жерди пайдалануучулардан жана башка жеке жана юридикалык жактардан тышкаркы, мында Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин белгиленген тартипте жер участогун туруктуу пайдалануу укугун алган жеке жана юридикалык жактардын жер участогуна, атап айтканда:
- имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна;
- имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн берилген жер участокторуна болгон менчик укугу кандайдыр-бир документтерди кайра толтуруусуз, бекер жана кошумча акысыз таанылат.
8. Имараттар жана курулуштар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоодо ага бекитилип берилген жер участогунун наркына имараттын жана курулуштун наркы кирет жана ал өзүнчө көрсөтүлбөйт.
(КР 2002-жылдын 11-майындагы № 78, 2011-жылдын 22-июлундагы № 119, 2012-жылдын 9-июнундагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья.
1. Жеке жактарга берилген жана орточо чарбалык жер үлүшүнөн ашык болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте алар үчүн 2000-жылдын 1-январына чейин акчалай компенсациялар төлөнбөгөн айыл чарба багытындагы жер участоктору, ошондой эле чакан фермаларды, фермердик чарбаларды, алардын ичинде эт, сүт багытындагы чакан фермаларды түзүү үчүн берилген жер участоктору ал берилген мөөнөткө чейин жеке жактардын пайдалануусунда калат.
2. Эгерде жер участокторун берүүдө пайдалануунун мөөнөттөрү аныкталбаса, жер участокторун пайдалануу 2000-жылдын 1-январына чейин берилген деп эсептелет.
8-статья.
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенден кийин, жер участоктору (үлүштөрү) алым катарында киргизилген учурларда, айыл чарба багытындагы жер участокторунун менчик ээлери Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 36-статьясында көрсөтүлгөн түрлөрдөгү жерге жамааттык-ишкердик жана жамааттык биргелешкен жеке менчикке негизделген биргелешип чарба жүргүзүүнүн жамааттык жана башка түрлөрүн түзүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин түзүлгөн, уставдык капиталга кошкон салымы жер участогу (үлүшү) болуп эсептелген чарбалык коомдор жана шериктиктер, ар бир катышуучу менен келишим түзүүгө милдеттүү, салым катары жер участогун (үлүшүн) бергендер өзүнүн жер участогун (үлүшүн) уставдык капиталга өз ыктыяры менен өткөрүп бергендиги жөнүндө келишим түзөт.
3. Мындай келишим түзүүдөн баш тарткан учурда жер участогунун (үлүшүнүн) менчик ээси чарбалык коомдун же шериктиктин курамынан өзүнүн жер участогун (үлүшүн) натуралай алып, чыгып кетүүгө укуктуу.
9-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
а) эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирсин.
б) үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинен келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 21 · байланышкандар: 76
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13Пункттар: п. 30
Цитата келтиргендер (21)
- Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09- мартындагы № 35/8 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү Аюу-Тапан, Осоавиахим айылдарынын аянттарын аныктап-тактоо иштери жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2020 · № 35/8
- Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жыл 11-октябрындагы № 5/1 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.10.2021 · № 5/1
- Кайынды шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-августу №23/X – 3 "Жер тилкесин убактылуу колдонууга уруксат берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.08.2017 · № 23/X – 3
- Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 1/12 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга…Постановление · 21.01.2021 · № 1/12
- Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-мартындагы № 2/1 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.03.2021 · № 2/1
- Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-мартындагы № 2/2 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.03.2021 · № 2/2
- Ак-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-июлу № 16/84 "Ак-Суу айыл аймагында жеке турак жай үчүн бериле турган жер тилкеси жөнүндө" токтомуПостановление · 10.07.2023 · № 16/84
- Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 1/7-36 "О.Новичихинанын жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык…Постановление · 08.04.2025 · № I/7-36
- Жошолу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 17-июнундагы № 27/3 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү үй куруу үчүн планга берилген жер жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2019 · № 27/3
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13
- Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-февралындагы № XXVII/18-1 "Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына…Постановление · 15.02.2019 · № XXVII/18-1
- Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-октябрындагы № XXVII/28-1 «Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 9-февралындагы XXVII /10-4 сандуу, 2018-жылдын 14-ноябрындагы XXVII…Постановление · 06.10.2020 · № XXVII/28-1
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №156 "«Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык…Постановление · 19.03.2010 · № 156 · Күчүн жоготкон
- Земельный кодекс Республики КыргызстанКодекс · 19.04.1991 · Күчүн жоготкон
- О земельной реформеЗакон · 19.04.1991 · № 432-XII · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 22.07.2011 · № 119 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 09.06.2012 · № 80 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.05.2002 · № 78 · Күчүн жоготкон
21 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөЗакон · 11.01.2001 · № 4 · Күчүн жоготкон
- Постановление Верховного Совета РК от 19 апреля 1991 года №429-XII "О порядке введения в действие Закона Республики Кыргызстан "Об охране природы"Постановление · 19.04.1991 · № 429 · Күчүн жоготкон
- Постановление Верховного Совета РК от 19 апреля 1991 года №433-XII "О порядке введения в действие Закона Республики Кыргызстан "О земельной реформе"Постановление · 19.04.1991 · № 433 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 22.07.2011 · № 119 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (76)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 14 "2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.01.2020 · № 14
- 2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 14 токтомуна)Стратегия · 17.01.2020 · № 14
- Каракол шаардык кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 27-11/3 "Каракол шаарынын 2016-2020-жж. карата абаттоо жана жашылдандыруу стратегиясын" бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.12.2016 · № 27-11/3
- Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 01.04.2022 · № 21
- Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/13 "Баткен шаарынын жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 17.03.2017 · № 01-10/13
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 31.05.2022 · № 292
- Куйручук айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 12 (Жер комиссиясынын кайрылуусу жөнүндө токтому)Постановление · 29.09.2016 · № 12
- Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/14 "Баткен шаар мэриясынын алдындагы «Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин» жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2017 · № 01-10/14
- Постановление Правительства КР от 15 января 2003 года №14 "О предоставлении земельных долей гражданам Кыргызской Республики"Постановление · 15.01.2003 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2006 · № 80
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы №717 " Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.10.2006 · № 717
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы №589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүшүн берүү жөнүндө"токтомуПостановление · 21.10.2008 · № 589
- КР Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 5-февралындагы № 940-IV "2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 05.02.2009 · № 940-IV
- Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы № 17 "Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча…Постановление · 04.03.2017 · № 17
- Дөбөлү айылдык кеңешинин 2017-жылдын 6-мартындагы № 4/2 "Дөбөлү айыл аймагыныи жер комиссиясын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.03.2017 · № 4/2
- Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 01-10/19 "Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын Тамаша-Жай массивиндеги «Биримдик» кооперативинининин көп жылдык бак…Постановление · 17.03.2017 · № 01-10/19
- Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2017-жылдын 30-январындагы № 1/3 "Таш-Дөбө айыл аймагындагы жайыт багытындагы жер тилкелерин башка категорияга которуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2017 · № 1/3
- Дөбөлү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 35/1 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 29.09.2016 · № 35/1
- Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-майындагы № 23\8 "Кара-Кулжа айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүү боюнча…Постановление · 21.05.2016 · № 23\8
- Папан айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-мартындагы № 2 "Таш-Короо участкасындагы кайрак айдоо 96.4 га жерди трансформация кылуу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.03.2016 · № 2
76 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.