Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чон-Кемин айылдык кеңешинин «Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳгү» № XXVII /10-4 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ» токтому
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-февралы № XXVII/18-1 Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳгү» № XXVII /10-4 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин III-бѳлүмүнүн II-IV-пунктарын жана «Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин аткарылышын күчүнѳ киргизүү жѳнүндѳгү», 1999-жылдын 30-апрелиндеги Мыйзамынын V-беренесин жетекчилике алып, Чон-Кемин айыл аймагында жайгашкан кыймылсыз объектилерди Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү маселени карап, Чон-Кемин айылдык кенешинин регламентин жетекчилике алып, Чон-Кемин айылдык кенеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳгү» № XXVII/10-4. Токтому мыйзамдуу деп табылсын жана тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳтүүлѳр киргизилсин.
2.Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы № XXVII/10-4. токтомдо кѳрсѳтүлгѳн, Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳч № 17 Чон-Кемин жаратылыш паркынын конторасынын имараты 12573м2 № 31- кварталдагы контур жер аянты менен жана Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳчѳсүндѳ жайгашкан ат кана 0,25 га жер аянты менен № 31- кварталдагы контурдагы объектилер алынып салынсын.
3.Калган тѳрт объектилер боюнча пункттар күчүндѳ калтырылсын.
-Калмак-Ашуу айылындагы картошка сактоочу объект 0,15 га жер аянты менен; -Калмак-Ашуу айылындагы дан эгиндердин сактоочу жайы 0,074 га жер аянты менен; -Шабдан айылынын Данияров кѳчѳсүндѳгү жайгашкан курулуш цех 0,94 га жер аянты менен; -Тѳрт-Күл айылындагы чабандык үй кошарасы жана бастырмасы 0,4075 га жер аянты менен;
4.Аталган объектилерди айыл ѳкмѳтүнүн балансасына ѳткѳрүп алууга тийиштүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагы Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
Чон-Кемин айылдык Кенешинин төрагасы
И.М.Ибраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 02.06.1999 · № 46 · Күчүн жоготкон