Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин «О.Новичихинанын жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө»
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-апрели № I/7-36 "О.Новичихинанын жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө" Чуй областынын Кемин районунун прокуратурасынын 2025-жылдын 03-февралындагы № 11/05-13-25 ченемдин укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө талабынын негизинде Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1999-жылдын 2-июну № 46 Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-беренесинин 3-п жана 4-п "жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу дуйнөдөн кайтканда, мурасчылар жок болсо" жана 4-п "жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ыктярдуу баш тартканда" ылайык О.Новичихинага тиешелүү болгон Кызыл-Октябрь айылынын Шаповалова көчөсүнүн №º19 дареги боюнча жайгашкан үй курулмасынын жана 183-контурунда жайгашкан 0,98 га жер тилкеси боюнча жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчик өткөрүлсүн.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулайманов тапшырылсын.
Төрага
А.Карамырзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 02.06.1999 · № 46 · Күчүн жоготкон