6-берене. Эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2025 года № 153
1. Мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) киргизилет.
2. Парламенттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Жогорку Кеңешке Жогорку Кеңештин депутаттары жана комитеттери тарабынан киргизилет.
Парламенттер аралык эл аралык келишимдерди түзүүнүн тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун кабыл алуу жолу менен белгиленет.
3. Өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан Министрлер Кабинетине киргизилет.
4. Жогорку Кеңеш, Жогорку соттун атынан сот бийлигинин органдары жана Конституциялык сот төмөнкүлөрдү сунуштай алышат:
1) Президентке мамлекеттер аралык эл аралык келишимди түзүү жөнүндө маселени кароону;
2) Министрлер Кабинетинин Төрагасына өкмөттөр аралык эл аралык келишимди же Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимди түзүү жөнүндө маселени кароону.
5. Мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимди түзүү жөнүндө сунушка тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүүдө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) эл аралык келишимдин тараптары менен макулдашылган эл аралык келишимдин долбоорунун тексти;
2) аны түзүүнүн максатка ылайыктуулугунун негиздемеси, эл аралык келишимди ишке ашыруунун андан аркы механизми;
3) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
4) юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишимдин долбоорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайыктуулугуна корутундусу;
5) каржы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишим түзүлгөн учурда мүмкүн болуучу каржылык кесепеттери жөнүндө корутундусу;
6) эл аралык келишим түзүлгөн учурда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө башка кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашууну ырастоочу документтер;
7) ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери менен макулдашууну ырастоочу документ;
8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.
6. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү жөнүндө сунуштар кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Жогорку сот жана Конституциялык сот, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетине макулдашууга киргизилет.
Ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун (токтотуунун, андан чыгуунун) тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (62)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 1-р (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоого байланышкан маалыматтарды алмашуу…Распоряжение · 04.01.2017 · № 1-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-октябрындагы № 440-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча…Распоряжение · 18.10.2016 · № 440-р
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 17-ноябрындагы N 287-т "2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы…Распоряжение · 17.11.2021 · № 287-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 219-т (2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети…Распоряжение · 04.05.2023 · № 219-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 157-т (2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа…Распоряжение · 05.04.2023 · № 157-р
- КР Министрлер Кабинетинин2021-жылдын 1-июлу № 73-т "Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасыменен Европа…Распоряжение · 01.07.2021 · № 73-р
- Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республиуки от 10 августа 2022 года № 431-р "Об одобрении заключения Кабинета Министров Кыргызской Республики к Договору…Распоряжение · 10.08.2022 · № 431-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 503-т (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Палестина Мамлекетинин Айыл чарба…Распоряжение · 28.08.2023 · № 503-р
- КР Премьер-министринин 2015-жылдын 11-декабрындагы № 602-б (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин…Распоряжение · 11.12.2015 · № 602-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-августундагы № 685-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Казакстан…Распоряжение · 09.08.2025 · № 685-т
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 186-б (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Корея Республикасынын Жогорку прокуратурасынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү…Распоряжение · 23.04.2015 · № 186-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 189-б (Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борборунун…Распоряжение · 29.04.2015 · № 189-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-майы № 203-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин…Распоряжение · 13.05.2015 · № 203-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-июнундагы № 234-б (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүгө байланышкан маалыматтарды алмашуу…Распоряжение · 04.06.2015 · № 234-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-июнундагы № 237-б ( Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого байланыштуу маалыматтарды алмашуу тууралуу Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 04.06.2015 · № 237-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-июнундагы № 238-б (Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуу чөйрөсүндө Кыргыз…Распоряжение · 04.06.2015 · № 238-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 278-б (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борборунун…Распоряжение · 22.06.2015 · № 278-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 455-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы буюм мүлкүн…Распоряжение · 16.09.2015 · № 455-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 467-б (Борбордук (улуттук) банктардын Евразия кеңеши жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 22.09.2015 · № 467-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-октябрындагы № 525-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы Бекер…Постановление · 22.10.2015 · № 525-р
62 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>