5-берене. Кыргыз Республикасынын өзү үчүн эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүү ыкмалары
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 1-глава
1. Кыргыз Республикасынын өзү үчүн эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдугу төмөнкү жолдор менен билдирилиши мүмкүн:
1) эл аралык келишимге кол коюу (ратификациялоого же бекитүүгө жатпаган эл аралык келишимдерге карата);
2) эл аралык келишимди түзгөн ноталарды же каттарды алмашуу;
3) эл аралык келишимди ратификациялоо;
4) эл аралык келишимге кошулуу;
5) эл аралык келишимди бекитүү;
6) эл аралык келишимдин башка тарабы (тараптары) менен келишилген макулдук билдирүүнүн кандай болбосун башка ыкмасын колдонуу.
2. Эл аралык келишимдердин Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ыйгарым укуктуу кызмат адамдары же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген алардын компетенцияларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ратификациялоо, кошулуу же бекитүү жолу менен тиешелүү ченемдик укуктук актыны чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>