25-берене. Эл аралык келишимдерге карата эскертмелер
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 2-глава
1. Көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коюуда, ратификациялоодо, бекитүүдө же эл аралык келишимдерге кошулууда эл аралык укуктун тиешелүү ченемдерин сактоо менен эскертмелер жасалышы мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасы тарабынан кийин ратификациялоого же бекитүүгө жаткан көп тараптуу эл аралык келишимдерге карата кол коюуда (эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөөдө) Кыргыз Республикасы тарабынан жасалган эскертмелер Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоодо же бекитилүүдө тиешелүү ченемдик укуктук актыда баяндоо аркылуу ырасталууга тийиш.
3. Эскертмелер алар кандай тартипте жасалса, ошондой эле тартипте кайра алынышы мүмкүн.
4. Эл аралык келишимдердин башка тарабы жасаган эскертмелерди кабыл алуу келишимдин өзүнүн шарттарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Эл аралык келишимдердин башка тарабы жасаган эскертмелер, эгерде Кыргыз Республикасы он эки айдын ичинде андай эскертмелерге карата каршы пикирин билдирбесе, Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.
5. Эл аралык келишимдин тарабы жасаган эскертмелерге карата Кыргыз Республикасынын каршы пикири андай эл аралык келишимдин шарттарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Эл аралык келишимдин тарабы жасаган эскертмеге карата Кыргыз Республикасынын каршы пикири жөнүндө сунуштары ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн жана 7-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрүнүн тиешелүү жоболорунда белгиленген тартипте киргизилет жана макулдашылат.
6. Кыргыз Республикасы эки тараптуу эл аралык келишимдерге карата эскертмелерди колдонбойт.
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>