Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 4-майы № 219-т Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Тиркелген корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 219-т тескемеси менен жактырылган
2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын бардык облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, долбоордук кубаттуулугу 1224 окуучуга чейин окуучулук орундуу тогуз биргелешкен кыргыз-орус жалпы билим берүү уюмдарын этап-этабы менен куруу каралат. Макулдашууда жалпы билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырат жүргүзөт жана окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө эки үлгүдөгү - Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын аттестаттары берилет деп каралат. Жетишилген макулдашууларга ылайык кыргыз-россиялык мектептердин курулушун Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында жайгашкан жер тилкелеринде бассейндери бар объекттерди куруунун биринчи этабын аткаруу менен ушул жылы баштоо болжолдонууда. Россия тараптын критерийлерине жана талаптарына ылайык бардык облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында жалпы билим берүү уюмдарын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жер участоктору аныкталган жана бөлүнгөн. Жыйынтыгы боюнча ар бир жергиликтүү мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан ушул долбоордун алкагында жалпы билим берүүчү мектептерди курууга берилген жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө кепилдик кат алынган. Жалпы билим берүү уюмдарынын курулушу жана окутуу жана тарбиялоо каражаттары, медициналык буюмдар, башка жабдуулар менен аларды андан ары жабдуу (сатып алуу, жеткирүү, монтаждоо) Россия тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат. Россия тараптын маалыматына ылайык Россия Федерациясынын бюджетинде курулушту баштоо үчүн зарыл болгон финансылык каражаттар салынган. Өз кезегинде кыргыз тарап мамлекеттик бюджеттен төмөнкү иштерди уюштурууга жана өткөрүүгө финансылык каражат бөлөт:
1) объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу максатында курулуш үчүн бөлүнгөн жер участокторунун чек араларына чейин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын (электр жана суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу, жылытуу тармактарын, кирүү жолдорун, байланыштын булалуу-оптикалык линияларын) долбоорлоо жана куруу. Бул иш-чаралар аталган мектептердин курулушу каралган ар бир тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын күчү менен ишке ашырыларын билдиребиз. Ушуга байланыштуу сунушталган маселе мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган жана анын натыйжалары боюнча алардын оң корутундулары алынган;
2) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программалары боюнча эмгектенип жаткан жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү, квалификациясын жогорулатууну жана кесиптик кайра даярдоону жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашырууга байланышкан башка чыгымдарды камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн жалпы билим берүү уюмдарын окуу адабияттары жана окуу-методикалык комплекттер менен камсыз кылуу;
4) жалпы билим берүү уюмдарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чыгымдарды каржылоо, коммуналдык чыгымдарды төлөө (электр менен жабдуу, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө жана интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, жылуулук менен жабдуу, анын ичинде көмүр сатып алуу жана техникалык персоналдын эмгегине акы төлөө), ошондой эле эксплуатациялык чыгымдар жана бассейндик комплекстердин жабдууларын жана инженердик системаларын техникалык тейлөөгө чыгымдар.
2, 3 жана 4-пункттарда көрсөтүлгөн иш-чараларды уюштуруу үчүн мектептердин курулушу аяктагандан кийин жана алар иштей баштаганга чейин өлкөнүн республикалык бюджетинде финансылык каражаттар каралат. Алгачкы мектептер 2025-жылы билим берүү ишин жүргүзө баштайт деп пландалууда. Кыргыз-россия жалпы билим берүү уюмдарынын курулушу Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги маселесинин курчтугун төмөндөтөт деп үмүттөнөбүз. Мындан тышкары келечекте бул жалпы билим берүү уюмдары региондордогу заманбап жана өнүккөн материалдык-техникалык базасы бар алдынкы билим берүү борборлору болот деп болжолдонууда, аларда окуучуларга билим берүүдөн тышкары, тиешелүү региондун профессордук-окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү, ошондой эле балдарды жана жаштарды маданий агартуу үчүн кошумча бардык шарттар түзүлөт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуу ага Тараптар кол койгонго чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашылган (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2023-жылдын 24-январындагы № 6-307и/23 чечими, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2023-жылдын 24-январындагы № 6-308и/23 чечими жана Социалдык саясат боюнча комитеттин 2023-жылдын 24-январындагы № 6-912/23 чечими). "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш. Аталган Макулдашууну ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021