Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республиуки «Об одобрении заключения Кабинета Министров Кыргызской Республики к Договору государств-участников Содружества Независимых Государств о противодействии легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем, финансированию терроризма и финансированию распространения оружия массового уничтожения, подписанному 15 октября 2021 года»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2022-жылдын 10-августу № 431-б Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85, 86-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жопу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аталган Келиишмди ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын "__"___№ тсскемеси менен жактырылган
2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишими жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт. Келишимдин долбоору кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн укуктук базасын өркүндөтүү максатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңеши тарабынан демилгеленген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Келишимдин долбоору ага кол коюлганга чейин мамлекеттик органдар менен макулдашылган. Сунушталган өзгөртүүлөр акчаны адалдоого каршы финансылык чара иштеп чыгуу тобунун учурдагы сунуштамаларынын глоссарийин эске алуу менен терминологиялык аныктамаларды актуалдаштырууга багытталган. «Бенефициардык менчик ээси», «тоңдуруу», «финансылык чалгындоо бөлүмү», «массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоо» сыяктуу тушунуктөр камтылган. Кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүнүн эл аралык негиздерин өнүктүрүүгө байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилди. Келишимдин колдонулушу массалык кыргын салуучу куралды таркатууну каржылоого каршы аракеттенүү системасына кенейтилди. Тараптардын эл аралык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү күчөтүлдү, мисалы, өз ара аракеттенүү багыттарынын бири эки тараптуу эл аралык келишимдердин негизинде ишке ашырылуучу улуттук террористтик тизмелерди таануу жана колдонуу механизми болушу мүмкүн. Конфискациялоону жүргүзүү тартиби регламенттелген. Келишимди ратификациялоо адамдын жалпы таанылган укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жаатында эл аралык кызматташууга, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоо жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоо жаатында кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эл аралык документтеринин жоболорун ишке ашырууга чоң маани берет. Келишимге кол коюуга чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республккасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети (2017-жылдын 19-июнундагы № 6-3700и/17) жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (2017-жылдын 14-июнундагы № 6-3621 и/17) менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-июлундагы № 80-т тескемеси менен жактырылган. Келишимди ратификациялоо финансылык чыгымдарга, ошондой эле терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 59