Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-марты № 147 Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун сапаттуу даярдоо үчүн финансылык аспапты түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду (мындан ары - Фонд) түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Фонд жөнүндө жобо;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Фонддун каражаттарын пайдалануу Фонддун Байкоочу кеўешинин чечими боюнча ишке ашырылаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Фонд үчүн 2014-жылга 2 миллион АКШ долларына эквиваленттүү көлөмдө, 2015-жылга 1 миллион АКШ долларына эквиваленттүү көлөмдө жана 2016-жылга 1 миллион АКШ долларына эквиваленттүү көлөмдө бюджеттик каражат бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы тарабынан Фондго бюджеттик каражаттарды эсепке алуу үчүн казыначылык тутумунда бюджеттик эсептин, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттарын эсепке алуу үчүн атайын эсептин ачылышын камсыз кылсын;
- Фонддун эсептеринен бөлүнүүчү каражаттарды эсепке алууну жана отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 16 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (16)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 146
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө"…Постановление · 28.06.2019 · № 333
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2022 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы…Постановление · 07.10.2022 · № 556
- "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 токтому менен бекитилген)Положение · 17.03.2014 · № 147
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 327 "2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2016 · № 327 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 13.11.2017 · № 736 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2016 · № 328 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 78 "Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2015 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 248…Порядок · 15.05.2023 · № 248 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби…Постановление · 01.11.2017 · № 723 · Күчүн жоготкон
- "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз…Положение · 17.03.2014 · № 147 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 17-июнундагы № 328 токтомуПостановление · 15.06.2016 · № 328
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №333 токтомуПостановление · 28.06.2019 · № 333
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 токтомуПостановление · 13.11.2017 · № 736
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык…Постановление · 23.03.2021 · № 110 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2022 · № 160
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2013 · № 227
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 11.08.2021 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.02.2012 · № 7 · Күчүн жоготкон