Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 16-декабры № 107-VI "2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 13-майындагы № 287 токтому) "2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. 2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин аткаруу аудитинин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчёту жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн "2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу аудитинин жыйынтыгында табылган кемчиликтерди четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- республикалык бюджетке кирешелердин толук жана өз мезгилинде келип түшүүлөрүн камсыздоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын;
төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- соттордун иштөөсү жана судьялардын иши үчүн ойдогудай шарттарды түзүү боюнча сот тутумун толук каржылоону;
- "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2230-V токтомун ишке ашырууну;
- программалык негизде бюджеттөө максаттары үчүн жыйынтык индикаторлоруна ылайык министрликтердин, ведомстволордун программалары боюнча бюджеттик чыгашаларды сапаттуу жана анык пландаштырууну;
төмөнкү чараларды көрсүн:
- "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ААКсынын бюджеттик насыя боюнча финансылык тартип бузууларын четтетүү жана карыздарынын ордун жоюу боюнча;
- бюджеттик каражаттардын максатсыз, натыйжасыз жана негизсиз пайдаланууларынын алдын алуу боюнча;
- финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мөөнөттөрүн сактоо жаатында "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин аткарылышын камсыздоо боюнча.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы "2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берсин жана белгиленген маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2013 · № 227
- Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралууЗакон · 31.12.2015 · № 234
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июну № 2230-V "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"…Постановление · 29.06.2012 · № 2230-V
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" токтомуПостановление · 13.05.2015 · № 287 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндөЗакон · 15.07.2009 · № 215 · Күчүн жоготкон