Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-декабры № 4578-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 30-сентябрындагы № 561 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2014-жылга республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн Россия Федерациясы тарабынан берилген 1727,0 млн.сом (30 млн. АКШ доллары) суммасындагы түшкөн гранттык каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын Резервдик фондуна түшкөн 1575,3 млн.сом суммадагы каражаттардын эсебинен көбөйтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштарын, республиканын айрым министрликтеринин жана ведомстволорунун 349,1 млн.сом суммасына атайын каражаттарынын көлөмүн көбөйтүүнү жана МИПнын гранттарынын көлөмдөрүнүн 368,1 млн.сом суммада төмөндөшүн эске алуу менен 2014-жылга республикалык бюджеттин төмөндөгү такталган параметрлери менен экинчи окууда кабыл алынсын:
ИДПга карата 26,6 пайыз салыштырма салмак менен республикалык бюджеттин кирешелери 103325757,4 миң сом жалпы суммада; ИДПга карата 29,5 пайыз салыштырма салмак менен республикалык бюджеттин чыгашалары 114794628,1 миң сом суммасында; ИДПга карата 2,9 пайыз салыштырма салмак менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 11468870,7 миң сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Россия Федерациясынан түшкөн 1727,0 млн.сом (30 млн. АКШ доллары) суммадагы гранттык жардамдын каражаттарын каржылык ажырымды, атап айтканда бюджеттин киреше бөлүгүн жабууга багыттасын; турак жай сертификаттарын берүүгө - 50,0 млн.сом, Кыргызтуракжайкоммунбирликти субсидиялоого - 70,0 млн.сом жана энергетика тармагына бюджеттик ссудага - 2950,0 млн.сом кошумча чыгымдарды карасын.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2014 · № 183
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 561 «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 30.09.2014 · № 561 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2013 · № 227