Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому кызматтык пайдалануу документи болуп саналат) токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү ТОКТОМ 2014-жылдын 10-ноябры № 630 Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-октябрындагы № 694, 2016-жылдын 10-февралындагы № 55 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акылардын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине төмөнкүлөрдүн төлөнөөрү белгиленсин:
- иштин жыйынтыгы, сапаты жана демилге көтөргөнү үчүн кызматтык маянанын 30 пайызга чейин өлчөмүндө кошумча акы;
- өргүүгө чыгууда - ден соолугун чыңдоо үчүн эмгек акы фондусунун эки айлык өлчөмүндө жөлөкпул.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык) 2-1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директоруна жыл ичинде эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлерине эмгектин жогорку жана сапаттуу натыйжалары, кесипкөй жана чыгармачыл демилгелерди көрсөткөндүктөрү үчүн дем берүүчү төлөөлөргө жумшоого укук берилсин. Аталган дем берүүчү төлөөлөр жыл үчүн иштин жыйынтыгы боюнча кызматкерлердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө жүргүзүлөрү белгиленсин. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-октябрындагы № 694 токтомунун редакциясына ылайык) 2-2. Иштин жыйынтыгы, сапаты жана демилге көтөргөнү үчүн кошумча акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ведомстволук ченемдик актысында каралган тартипте аныкталары белгиленсин. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдасын жана киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2014-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр
Дж. Оторбаев
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Кызматтын аталышы
Кызматтык маяналардын өлчөмү (сом менен)
1
Директор
19000
2
Директордун орун басары
18000
3
Башкармалыктын начальниги
16000
4
Бөлүм башчы
15000
5
Лаборатория, сектор башчысы
14000
6
Башкы адис
13000
7
Башкы инженер
12000
8
Жетектөөчү адис, жетектөөчү инженер
11000
9
1-категориядагы адис, административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы, инженер-программист, инженер-механик
10000
10
Жетекчинин катчысы, архивариус, иш алып баруучу, айдоочу
8500
11
Жыйноочу
2500
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акылардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№
Иш стажы
Пайыздык кошумча акылардын өлчөмдөрү
1
1ден 3 жылга чейин
5%
2
3төн 5 жылга чейин
10%
3
5тен 10 жылга чейин
15%
4
10дон 15 жылга чейин
20%
5
15тен 20 жылга чейин
25%
6
20дан 25 жылга чейин
30%
7
25 жылдан ашык
40%
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2013 · № 227
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралууЗакон · 15.06.2011 · № 45
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы…Постановление · 10.11.2014 · № 630 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.