Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене
Күчүндө · 08.06.2015 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн, өндүрүш көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө;
3) ушул Мыйзамдын тиркемелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана тактоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
2. Зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга карата тиешелүү түзөтүүлөр жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.
3. Министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар маанилүү иш-чараларды аткаруу үчүн аларды каржылоо булактары болгондо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери жана Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашууга киргизүүгө укуктуу.
Берененин тексти 08.06.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205117/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>