Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
58-берене. Турак жайларды менчиктештирүү
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы · 8-глава
1. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын менчиктештирүү акы төлөө негизинде, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда акысыз негизде турак жайларды жарандардын менчигине берүү түрүндө жүзөгө ашырылат.
2. Турак жайларды менчиктештирүү төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат:
1) конкурс аркылуу сатуу;
2) кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү;
3) тикелей сатуу;
4) акысыз өткөрүп берүү.
Менчиктештирүүнүн формасын турак жайдын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы аныктайт.
3. Төмөнкүлөр менчиктештирүүгө жатпайт:
1) белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, белгиленген тартипте жашоо үчүн жараксыз жана оңдоого жатпайт деп таанылган батирлер;
2) бузууга жаткан үйлөр;
3) жабык аскер шаарчаларында турган үйлөр;
4) алардын ортосунда талаш-тартыш болгондо, туугандык мамилелер менен байланышпаган эки жана андан ашуун үй-бүлөлөр жашаган батирлер;
5) адистешкен турак жай фондунун турак жайлары;
6) көчмө турак жай фондунун турак жайлары;
7) ушул Кодексте каралган учурлардан тышкаркы, кызматтык жайлары.
4. Тарыхый, маданий жана архитектуралык мааниси бар турак үйлөр, ошондой эле ушундай үйлөрдө жайгашкан батирлер ушул турак жайлардын сакталышын караган өзүнчө келишимдерди түзүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен гана менчиктештирилүүгө жатат.
5. Жатаканалар жана мейманкана тибиндеги үйлөр мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан турак үй статусуна которулат жана ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте менчиктештирүүгө жатат.
Мындай үйлөрдүн турак жайларында жашаган адамдар турак жайларды тикелей сатуу жолу менен менчиктештирүүгө артыкчылыктуу укукка ээ болушат.
6. Батирлерди, коммуналдык батирлерди же коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдү менчиктештирүүдө турак жайды сатып алуучу жалпы мүлк объектинин, анын ичинде көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогунун үлүшүнө да ээ болот.
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 12 “Муниципалдык турак жайды акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 28.09.2021 · № 12
- Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин 2021-жылдын 26-январындагы № 37/152 "Муниципалдык турак-жайды акысыз негизде өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2021 · № 37/152
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 144 "Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2024 · № 144
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 519-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтγнγн Иш башкармасынын ыкчам башкарууда турган батирлерди, конкурстук негизде сатуу…Распоряжение · 01.12.2016 · № 519-р
- Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы № 300 "Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган көп кабаттуу үйлөрдү менчиктештирүүгө, укук аныктоочу документтерди берүүгө…Постановление · 26.10.2015 · № 300
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 10 "Муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2021 · № 10
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-5 "Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-5
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-2 "Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-2
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы N 669 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Салыктык эмес кирешелер…Распоряжение · 24.12.2024 · № 669
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203926/st-58" title="58-берене - Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>