Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 28-сентябры № 10 Муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 5, 13 жана 58-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С. Н. Жапаровдун Бишкек шаарынын мэриясына берилген 2020-жылдын 11-ноябрындагы № Ж-2129 тапшырмасын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаары, Анкара көчөсү № 20/2 үй, № 112 батир дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 1-04-15-0037-0527-03-112 муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен, Бишкек шаарында 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон массалык баш аламандыктын жүрүшүндө каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин атасы Алтынбек Алимбаевич Джуматаевдин менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды белгиленген тартипте акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү келишимин түзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон