Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин «Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 21-отуруму (сессиясы)
2021-жылдын 15-майы № 21-2 Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жооптуу катчысынын Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүнө негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна “Жер Кодексинин” 12-14 беренеси,Кыргыз Республикасынын “Турак жай Кодексинин” 2013-жылдын 9-июлундагы №117 13-88-беренеси, 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 18-41-беренесине негиз, өзгөртүү киргизүү колго алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдорундагы жер аталыштарына Тескей-Кожоке айылы-Кожоке,Федоров айылы-Күңгөй-Кожоке айылы, Алике, Байыш-Жаңы-Базар айылы деп өзгөртүлүп,жарандардын аты жөнүн мыйзам чегинде ,өздүгү боюнча тактап жазып берүү, Жооптуу катчы Н.Атакановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Н.Жолдошов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон