Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин «Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө» токтому
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 21-отуруму (сессиясы)
2021-жылдын 15-майы № 21-5 Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын айыл башчысы У.Абдурахмановдун билдирүүсүнө ылайык, Кожоке тургундарынын суроо-талаптарына, кайрылууларына негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын айыл башчысы У.Абдурахмановдун билдирүүсү, Кожоке тургундарынын суроо-талаптары , кайрылуулары канааттандырылсын.
2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкеси Жер Кодексинин” 4-13-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Турак жай Кодексинин” 2013-жылдын 9-июлундагы №117 13-88-беренесине, 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 18-41-беренесине негиз мечитсалуу үчүн ажыратып берилсин.
3. Кожоке айылындагы мечитсалуу үчүн ажыратып берилген муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесинин керектүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Н.Жолдошов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон