Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
57-берене. Кызматтык турак жайларды берүүнүн жана аларды пайдалануунун тартиби
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы · 7-глава
1. Кызматтык турак жайлар берилиши мүмкүн болгон адамдар карамагында кызматтык жайлары бар ыйгарым укуктуу органга өтүнүч беришет.
Ыйгарым укуктуу орган өтүнүчтүн негиздүүлүгүн карайт жана үч айлык мөөнөттүн ичинде кызматтык турак жай берүү жөнүндө маселени чечет. Кызматтык турак жайды берүү жөнүндө чечим карамагында кызматтык турак жайлары бар ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.
2. Кабыл алынган чечимге ылайык кызматтык турак жайы мүлктүк жалдоо келишими боюнча пайдаланууга берилет, анын маанилүү шарттары ушул Кодекстин талаптарын эске алуу менен жарандык мыйзамдарда белгиленет.
3. Кызматтык турак жайларда жашаган жарандарга турак жайларды брондоого, алмашууга (анын ичинде кызматтык жайга), бул жайларды жалдоого берүүгө, жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн талабы боюнча мүлктүк жалдоо келишимине өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилбейт.
4. Кызматтык турак жай алган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү ушул жайды өз алдынча пайдалануу укугуна ээ эмес.
5. Кызматтык турак жайдын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы менен эмгек мамилелерин токтоткон адамдар кызматтык турак жайын анда жашаган бардык адамдар менен бирдикте турак жайларды мүлктөй жалдоо келишиминде белгиленген мөөнөттүн ичинде бошотуп бериши керек.
6. Аскер шаарчаларынын кызматтык турак жайлары аскер кызматынан запаска же отставкага бошотулган аскер кызматчыларына Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда берилет.
7. Ал жеткис күчтүн аракеттеринде кызматтык турак жайы жараксыз болуп калса, жалдоого берүүчү жалдоочуга башка турак жай берүүгө укуктуу.
8. Кызматтык турак жайларды берүүнүн жана аларды пайдалануунун тартибинин өзгөчөлүктөрү кызматтык жайлардын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-5 "Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-5
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 "Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө…Постановление · 15.10.2024 · № 620
- Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 "Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 67 "Муниципалдык турак жай фонду, аны берүү тартиби жана муниципалдык…Постановление · 31.03.2026 · № 86
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-2 "Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-2
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын…Постановление · 22.05.2018 · № 247 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №105 токтомуПостановление · 04.03.2022 · № 105
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 токтомуПостановление · 22.05.2018 · № 247
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер…Постановление · 04.03.2022 · № 105 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203926/st-57" title="57-берене - Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>