Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 24-декабры № 669
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 24-декабрындагы N 669 тескемеси менен жактырылган
"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренеси менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
- мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 99-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталат. Бирок "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык муниципалдык мүлктү ижарага берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырыларын эске алуу зарыл. Бишкек шаарынын муниципалдык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк объекттерин башкаруу жана тескөө боюнча маселелер, анын ичинде объекттерди чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, мөенөттүү акысыз пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча маселелер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан чечилет. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттери чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга же мөөнөттүү акысыз пайдаланууга берилген ишканалар, уюмдар, мекемелер, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар муниципалдык мүлктү ижарага берүү укугуна ээ эмес.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "99-берене. Төлөөчү Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо органдарынан, өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынан тышкары, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө ээлик кылуу же тескөө укугуна ээ болгон субъект төлөөчү болуп саналат.";
- Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-пунктундагы "мамлекеттик жогорку окуу жайлары," деген сөздөрдү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берилгендигине байланыштуу "башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары," деген сөздөргө алмаштыруу зарыл деп эсептейбиз;
- мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгү менен аталган Кодекстин 102-беренесин мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучу, ошондой эле жер участокторун ижарага берүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар төлөөчү болуп эсептелери каралган жаңы редакцияда баяндоо сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогу жарандык укук мамилелеринин өзгөчө объекти болуп саналат жана сатып алуу-сатуу, белекке берүү, алмашуу, ипотека жана башка бүтүмдөрдүн предмети болушу мүмкүн, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен универсалдуу укук мурастоо тартибинде өтүшү мүмкүн. Жер участогуна укук акы аркылуу же акысыз алынышы мүмкүн. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун 65, 69-пункттарына ылайык муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары белгиленген. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жерди пайдалануу мамлекеттик жана муниципалдык пайдалануучулар үчүн акысыз болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ыйгарым укуктуу бөлүмү муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага берүүгө ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүндө сунушталган муниципалдык мүлктү жана жерлерди ижарага берүүдөн ижара акысын төлөөчүлөрдүн милдеттерин муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге жүктөө Бишкек шаарында иштеп жаткан мыйзамдуу бекемделген, муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин акы төлөө менен пайдалануу жана мындай мүлктү пайдалануудан ижара акысын алуу системасына ылайык келбей тургандыгын билдиребиз. Ошондуктан Мыйзамдын долбоорунун 102-беренесин колдонуудагы редакцияда калтырууну сунуштайбыз;
- долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда мамлекеттик менчикте турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоонун тартиби, ижара акысын төлөөнүн шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет деп сунушталууда. Көрсөтүлгөн пункт боюнча мында жер мыйзамдарында белгиленген колдонуудагы тартип колдонулабы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктала турган жаңы тартип бекитилет дегенди билдиреби деген суроо жаралат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 48-беренесинин 7-пунктуна ылайык жергиликтүү бюджеттерге муниципалдык менчикте турган мүлктү ижарага берүүдөн ижара акысы түшүп жаткандыгын эске алып, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1. Мамлекеттик менчикте турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоонун тартиби, ижара акысын төлөөнүн шарттары жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Муниципалдык менчикте турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоонун тартиби, ижара акысын төлөөнүн шарттары жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.
3. Мамлекеттик жерди пайдалануучулардын жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн кирешелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.
4. Мамлекеттин менчигинде турган жана үчүнчү жактардын укугуна кирбеген жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер толугу менен республикалык бюджетке чегерилет.
5. Муниципалдык жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.".
2. "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Социалдык фонддун каражаттары Социалдык фондго таандык, анын ичинде оперативдүү башкаруу укугундагы мүлктү ижарага берүүдөн толук көлөмдө алынган кирешелердин эсебинен түзүлөт.
Аталган Мыйзамдын 11-беренесине ылайык Социалдык фонддун мүлкү жана акча каражаттары мамлекеттин менчигинде болот. Социалдык фонддун акча каражаттары мамлекеттик бюджеттин курамына кирбейт, алып коюлбайт жана салыктар, салыктык эмес төлөмдөр жана комиссиялык жыйымдар салынбайт. Социалдык фонд өзүнө таандык акча каражаттарына, имараттарга, курулмаларга, башка материалдык баалуулуктарга жана мүлккө өз алдынча ээлик кылгандыктан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берилгендигине байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун "г" пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо органдарынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилбейт.".
3. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 58-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген органдын жер жана турак жай фондунун объекттерин менчикке берүү укугу каралган.
Мунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген мамлекеттик органдын атынан ага таандык мүлктү республикалык бюджетти толтуруу үчүн мамлекеттин кызыкчылыгында сатууга укуктуу. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине конфискацияланган, ээси жок, ээсиз калган жана ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине берилген мүлктү сатуудан түшкөн кирешелерди төлөөчү тарабынан бөлүштүрүү тартибин бекитүүгө ыйгарым укук берүүнү сунуштайбыз. Ушундан улам Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толуктоону сунуштайбыз: "7) 37-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "37-глава. Конфискацияланган, ээси жок, ээсиз калган жана ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине берилген мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер
8) 108-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"108-берене. Конфискацияланган, ээси жок, ээсиз калган жана ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине берилген мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер Конфискацияланган, ээси жок, ээсиз калган жана ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине берилген мүлктү эсепке алуунун, сатуунун жана сатуудан түшкөн кирешелерди бөлүштүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Конфискацияланган, ээси жок, ээсиз калган жана ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине берилген мүлктү сатууда сатуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жана өлчөмдөрдө комиссиялык жыйым алат.".
4. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин аталган Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу, каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматты мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалымкатта көрсөтүүнү сунуштайбыз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен сунушталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.06.2023 · № 155
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы № 60 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген…Постановление · 16.12.2022 · № 60
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон