10-берене. Координациялык кеңешти түзүү тартиби
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин мүчөлөрү парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тарабынан шайланат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай мурда Координациялык кеңештин төрагасы бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасына кабарлайт жана парламенттик көпчүлүктөн жана парламенттик оппозициядан Координациялык кеңештин жаңы мүчөлөрүн шайлоону сунуштайт. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Координациялык кеңештин төрагасы 10 күндөн кечиктирбестен тиешелүү депутаттык фракциялардын бирикмесинен Координациялык кеңештин мүчөлөрүн шайлоо тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасына кабарлайт.
2. Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын жыйналыштары өз-өзүнчө өткөрүлөт жана алардын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышканда укук ченемдүү болуп саналат.
Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын мүчөлөрүнүн көбүрөөк сандагы добушун алган тиешелүүлүгүнө жараша парламенттик көпчүлүктөн талапкер жана парламенттик оппозициядан талапкер Координациялык кеңештин курамына шайланган болуп эсептелет. Талапкерлер боюнча добуш берүү ачык жүргүзүлөт.
3. Координациялык кеңештин коммерциялык эмес уюмдардан мүчөлөрү чүчү кулак өткөрүү менен шайланат. Уставдык иши кыйноолордон, мамилелердин жана жазалоонун катаал түрлөрүнөн эркин болуу укуктарын коргоо менен байланышкан коммерциялык эмес уюмдар Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтүү укугуна ээ болот. Бир коммерциялык эмес уюм Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө бир талапкерди сунуштоого укуктуу.
Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө Коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлерге карата ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык, Улуттук борбордун кызматкерлерине карата белгиленген талаптар коюлат.
4. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурда, Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын расмий басма сөз органдарында жана Улуттук борбордун веб-сайтында Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуш менен коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуу кулактандырууларын жарыялайт.
5. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кулактандыруулар жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен, коммерциялык эмес уюмдар Улуттук борборго Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштарды жөнөтүүгө тийиш.
Коммерциялык эмес уюм тарабынан кабыл алынган жана анын уюштуруу документтерине ылайык жол-жоболоштурулган тиешелүү чечим юридикалык жактын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана уюмдун Уставынын көчүрмөсү менен бирге Улуттук борборго жиберилет.
6. Улуттук борбор тиешелүү мамлекеттик органдардан талапкерлердин соттолгондугунун бардыгы жөнүндө маалыматтарды суратып алат, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөсүнүн кызмат ордуна талаптанган адамдарга карата коюлуучу талаптарга алардын ылайык келүүсүн билүүгө талапкерлер жөнүндө маалыматтарды алдын ала текшерүүнү жүргүзөт.
Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштардын эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында жүргөн адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо менен байланышкан коммерциялык эмес уюмдардын ишине жана башка коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн сунуштамаларга ылайык келүүсүнүн кароо мүчөлөрү Улуттук борбордун директору, Акыйкатчы (Омбудсмен), эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана илимий кызматкерлер болушу мүмкүн болгон жумушчу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Жумушчу комиссия Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлөт. Жогорку Кеңеш жумушчу комиссиянын курамын жана мүчөлөрүнүн санын өз алдынча аныктоого укуктуу. Чүчү кулак өткөрүүгө катышуу үчүн коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлгөн Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароонун тартиби жана натыйжалары Улуттук борбордун расмий сайтына жарыялануусу тийиш. Чүчү кулакка катышууга кое берилген талапкерлер чүчү кулак өткөрүү жол-жобосуна чакырылат.
7. Улуттук борбор чүчү кулак өткөрүү жол-жобосуна Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерди көрсөткөн ар бир коммерциялык эмес уюмдан бирден өкүлдү чакырат. Улуттук борбордун директору чүчү кулактын алдында Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны тууралуу, четтетүүнүн жүйөөлөрүн көрсөтүү менен чүчү кулакка киргизилбеген талапкерлер жөнүндө, чүчү кулакка киргизилген талапкерлердин саны жөнүндө коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнө маалымдайт.
8. Чүчү кулакка катышууга киргизилген талапкерлердин фамилиялары эч кандай белги коюлбастан бирдей конвертке чапталат, урнага салынат жана аралаштырылат.
9. Улуттук борбордун директору урнадан алып чыккан конвертте фамилиясы жазылган талапкер, коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөсү болуп шайланды деп эсептелет.
10. Эгерде ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык талапкерлер четтетилгенден кийин, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат ордуна коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлердин саны бош кызмат орундардын санына барабар болсо, анда алардын бардыгы Координациялык кеңештин курамына шайланган болуп эсептелинет.
Эгерде, ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык талапкерлер четтетилгенден кийин, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат ордуна коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлердин бош кызмат орундарынын санынан аз болуп калса, анда ушул берененин 3-9-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер боюнча кошумча сынак өткөрүлөт.
11. Улуттук борбордун ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген аракеттери, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 10 күн мурда аяктоого тийиш.
12. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат орду ушул беренеде белгиленген тартипте ээленет.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 3456-VI "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын…Постановление · 25.12.2019 · № 3456-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы № 2077-VII "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын…Постановление · 16.05.2024 · № 2077-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5395-V "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу…Постановление · 26.06.2015 · № 5395-V · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 1435-VI "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу…Постановление · 16.03.2017 · № 1435-VI · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 23-январындагы №2715-V "Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун…Постановление · 23.01.2013 · № 2715-V · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-10" title="10-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>