8-берене. Улуттук борбордун кызматкерлерине карата талаптар
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Жогорку билимдүү, юрист, педагог, дарыгер, психолог, психиатр, социалдык кызматкер болуп иштөө тажрыйбасы, ошондой эле мигранттар, жашы жетелектер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар сыяктуу коомдун алсыз топтору, этностук жана тилдик азчылыктар менен иштөө тажрыйбасы бар, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын башкарууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун кесипкөй тажрыйбасы же эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, аракетке жөндөмдүү кандай болбосун адам Улуттук борбордун кызматкери болуп шайлана алат.
2. Соттор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазык-аткаруу тутумунун кызматчылары, эркиндиги чектелген жайларда иштеген адамдар (жашы жетелектер, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, мигранттар, жандуу оорулуулар, ж.б.у. сыяктуу өзгөчө алсыз топтор жыш топтолгон жайлар), ошондой эле кылмыш жасаганы үчүн соттолгондугу бар адамдар Улуттук борбордун кызматкери боло алышпайт.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-8" title="8-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>