Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
30-берене. Координациялык кеңештин биринчи курамын түзүү жөнүндө жобо
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Координациялык кеңештин биринчи курамы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндүн ичинде Акыйкатчы (Омбудсмен) ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин Төрагасына жөнөтөт.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндүн ичинде Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргыз Республикасынын расмий басма сөз органдарында жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) веб-сайтында уставдык иши адам укуктарын жана эркиндигин коргоо же коргоого көмөктөшүү менен байланышкан коммерциялык эмес уюмдарга Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунушу менен кулактандыруу жарыялайт.
Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин талапкерлери жөнүндө сунуштарды кароо эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларда турган адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого байланышкан иштерге өкмөттүк эмес уюмдардын иштеринин ылайык келишин жана Акыйкатчы (Омбудсмен), Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана илимий кызматкерлер мүчөлөрү боло алышкан башка коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн сунуштамаларды кароо жумушчу комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Чүчү кулакка катышуу үчүн коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароонун тартиби жана натыйжалары Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланышы керек. Чүчү кулакка катышууга жол берилген талапкерлер чүчү кулактын жол-жобосуна чакырылат.
4. Акыйкатчы (Омбудсмен) урнадан алып чыккан конвертте фамилиялары бар биринчи 8 талапкер, коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө шайланган болуп эсептелет.
5. Эгерде ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык талапкерлер четтетилгенден кийин, коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат ордуна талапкерлердин саны 8ди түзсө, анда алардын бардыгы Координациялык кеңештин курамына шайланган болуп эсептелет.
Эгерде, ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык талапкерлер четтетилгенден кийин, коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат ордуна талапкерлердин саны 8ден кем болсо, анда 10-берененин 3, 5-8 жана ушул берененин 3-5-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер боюнча кошумча сынак өткөрүлөт.
6. Координациялык кеңештин биринчи курамына коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен тандалып алынган Координациялык кеңештин 4 мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2 жылдык мөөнөт бүткөндөн кийин аяктайт. Ушул мүчөлөрдүн ысымдары Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышында чүчү кулак өткөрүү менен аныкталат.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 31-октябрындагы № 2429-V "Коммерциялык эмес уюмдардан Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана…Постановление · 31.10.2012 · № 2429-V · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-30" title="30-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>