11-берене. Координациялык кеңештин ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Координациялык кеңеш:
1) Улуттук борбордун ишинин жалпы стратегиясын жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
2) күчөтүү, зарыл болгондо аларды кыйноолордон жана катаал мамиледен коргоо максаттарында эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларда кармалган адамдарга мамиле кылуу тууралуу маселени үзгүлтүксүз карайт;
3) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын Улуттук борбор тарабынан иштелип чыккан методологиясын жана ар жылдык программасын бекитет;
4) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга мамиле жасоону жана аларды кармоонун шарттарын жакшыртуу максаттарында, тиешелүү мамлекеттик органдарга, кызмат адамдарына сунуштамаларды жана кайрылууларды иштеп чыгат жана берет;
5) өзүнүн кайрылууларына жана сунуштамаларына ылайык кабыл алынган чаралар жөнүндө мамлекеттик органдардын жетекчилерин өз жыйналыштарында угат;
6) Координациялык кеңештин регламентин, Улуттук борбор жөнүндө Жобону иштеп чыгат жана бекитет, аларга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизет;
7) сынактык тандоонун натыйжалары боюнча Улуттук борбордун директорун жана анын орун басарын шайлайт, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;
8) Улуттук борбордун кызматкерлеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоону жүргүзөт, дайындоо үчүн талапкерди Улуттук борбордун директоруна сунуштайт;
9) коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерлерин сот тартибинде салынуучу жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берет;
10) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарды кыйноолордон жана катаал мамилелерден коргоо, аларды кармоо тартибинин жана шарттарынын маселелерине тиешелүү мыйзам долбоорлорунун, башка ченемдик укуктук актылардын коомдук экспертизасын жүзөгө ашырат;
11) Улуттук борбордун бюджетинин долбоорун жактырат;
12) Улуттук борбордун директорунун сунуштамасы боюнча Улуттук борбордун түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
13) чыгымдардын сметасынын чектеринде Улуттук борбордун директору үчүн сыйакынын өлчөмүн бекитет;
14) чыгымдардын сметасынын чектеринде Улуттук борбордун кызматкерлери үчүн сыйакынын өлчөмүн бекитет. Улуттук борбордун кызматкерлеринин сыйакы өлчөмү Улуттук борбордун директорунун сыйакысынын 80 пайызынан кем болуусу мүмкүн эмес.
2. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына тиешелүү сунуштарды жана сын-пикирлерди берүүгө;
2) Улуттук борбордун ишинин финансылык отчеттуулугунун аудитин жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитти тартууга.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-11" title="11-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>