9-берене. Координациялык кеңеш
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Координациялык кеңеш Улуттук борбордун жогорку башкаруу органы болуп саналат жана он бир мүчөдөн турат.
2. Координациялык кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Акыйкатчы (Омбудсмен) - кызмат орду боюнча;
2) парламенттик көпчүлүк тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) бир депутаты;
3) парламенттик оппозиция тарабынан сунушталган Жогорку Кеңештин бир депутаты;
4) мыйзамда белгиленген тартипте катталган, уставдык иштери кыйноолордон, мамилелердин жана жазалоонун катаал түрлөрүнөн эркин болуу укуктарын коргоо менен байланышкан коммерциялык эмес уюмдардын 8 өкүлү.
3. Координациялык кеңештин курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Акыйкатчыны (Омбудсменди) кошпогондо, бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык Координациялык кеңештин мүчөсү боло албайт. Парламенттик комитеттердин жетекчилери, депутаттык фракциялардын жана/же саясий партиялардын жетекчилери эч кандай чектөөлөрсүз Координациялык кеңештин мүчөсү боло алышат.
4. Координациялык кеңештин мүчөлөрү өз иштерин акысыз негизде жүзөгө ашырат. Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда аларга кызматтык чыгууларга кеткен чыгымдарынын ордун толтурууга кепилдик берилет.
5. Координациялык кеңешке жетекчиликти төрага, ал эми ал болбогондо - анын орун басары жүзөгө ашырат.
6. Координациялык кеңештин ишин уюштурууну жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Улуттук борбор жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-9" title="9-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>