Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-майы № 2077-VII
Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө
"Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1. А.А.Козуев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
2) Рустамбек уулу Советбек - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
3) Ш.Мажитова - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
4) Э.К.Абакиров - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
5) Г.А.Кожокулова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
6) Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
7) А.Д.Таштанбеков - "Элдик" депутаттык тобунан.
2. "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссиянын курамын жана Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешине коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана мүчөлөрдү тандоону жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 3456-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана тандоо жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия тууралуу жобону бекитүү жөнүндө";
2) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
Дж.К. Исаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 3456-VI "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын…Постановление · 25.12.2019 · № 3456-VI
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндөЗакон · 12.07.2012 · № 104 · Күчүн жоготкон