Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 17-апрели № 41
Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 119, 2012-жылдын 31-декаборындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 79916949,2 миң сом жана чыгашалар боюнча 101521743,9 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджети алкагында 5272930,0 миң сом гранттык каражаттарды кошкондо) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 21604794,7 миң сом суммасында белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 21604794,7 миң сом суммасында каражат жумшалсын.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 119, 2012-жылдын 31-декаборындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2013-2014-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
2. 2013-жылга кирешелер боюнча болжол - 86160761,3 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 3216064,3 миң сом суммасында гранттык каражаттарды кошкондо), 2014-жылга - 97597577,4 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 890856,8 миң сом суммасында гранттык каражаттарды кошкондо).
3. 2013-жылга чыгашалар боюнча болжол - 99277800,0 миң сом, 2014-жылга - 108646700,0 миң сом суммасында.
4. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүнүн болжолу - 13117000,0 миң сом суммасында, 2014-жылга - 11049100,0 миң сом суммасында.
5. 2013-2014-жылдарга республикалык бюджеттин жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү аларды ар бир дайындуу мезгилде кабыл алууда тактоого жатат.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2013-2014-жылдарга болжолу 1-1, 1-2 жана 1-3-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинен чыгашаларды каржылоого каражаттар жана 2013-2014-жылдарга болжол 2, 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2012-жылга өнүктүрүү бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу 3-тиркемеге ылайык белгиленген.
2. 2012-жылы капиталдык салымдарды каржылоого каражаттар төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
1) ички булактардан - 3316422,4 миң сом;
2) тышкы булактардан - 16095093,6 миң сом.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дотациялык органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоо артыкчылыгы белгиленсин.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 119, 2012-жылдын 31-декаборындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер жана калктын аманаттарын индексациялоо боюнча жүргүзүлөт.
2. Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
3. Чыгашалардын беренелерин каржылоо жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2012-2014-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7-берене.
1. Белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга каражаттар (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) 2012-жылга 475000,0 миң сом суммасында;
2) бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы зоналардын оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми 1 окуучуга күнүнө 10 сом эсебинде.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга бөлүнгөн каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруудан үнөмдөлгөн каражаттар республикалык бюджетке кайтарылып берилет.
8-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнөн, түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттери менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө;
3) мамлекеттик кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү кароого.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Мыйзамдын тиркемесине киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана тактоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
9-берене.
2012-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
10-берене.
Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен жалпы 186472,1 миң сом суммасында каржылоо 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн. (КР 2012-жылдын 31-декаборындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене.
Райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик мекемелерди тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун карамагына өткөрүп берүү менен республикалык бюджеттен каржылоого которулсун.
12-берене.
1. Жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агенти төлөөчү киреше салыгынын пландык түшүүлөрүнөн чегерүүлөрдүн ченемдери 2012-жылга төмөнкүдөй белгиленсин:
1) республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) областтык маанидеги шаарларга - 40 пайыз өлчөмүндө;
3) райондук маанидеги шаарларга - 40 пайыз өлчөмүндө;
4) айылдарга - 10 пайыз өлчөмүндө.
2. Сатуудан түшкөн салыктар жергиликтүү бюджеттерге чегерилсин:
1) республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) областтык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
3) райондук маанидеги шаарларга - 25 пайыз өлчөмүндө;
4) айылдарга - 25 пайыз өлчөмүндө.
3. Жер казынасын пайдалануу үчүн салык (алтын, мунай, газ стратегиялык пайдалуу кендерин кошпогондо, роялти) республикалык маанидеги шаарлардын, областтык маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлардын, айылдардын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө чегерилсин.
4. Жер салыгы, мүлк салыгы, ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патент негизиндеги салык, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөр айылдардын, шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин карамагында 100 пайыз өлчөмүндө калтырылсын.
5. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын атайын каражаттарына салык тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине кошууга жатат.
6. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченеми пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөр менен бирдей ченемде белгиленсин.
7. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартат.
13-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн категориялык гранттардын өлчөмдөрү билим берүү чөйрөсү үчүн 11050671,1 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында 5-тиркемеге ылайык белгиленген.
2. Кыргыз Республикасынын 2012-2014-жылдарга республикалык бюджетинен категориалдык гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 5-тиркемеге ылайык жактырылсын.
(КР 2012-жылдын 31-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү гранттардын өлчөмү кирешелерди теңдештирүү үчүн 6-тиркемеге ылайык чыгашалардын жалпы 954850,5 миң сом суммасында белгиленген.
2. Кыргыз Республикасынын 2013-2014-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттарынын өлчөмдөрүнүн болжолу 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул беренеде аныкталган өлчөмдөрдө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү теңөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча чыгашаларды жабууга жумшоо сунушталсын.
4. Республикалык бюджеттен кирешелер боюнча жоготууларды компенсациялоого өткөрүлүп берилүүчү каражаттар Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине 559400,0 миң сом суммасында, Ош шаарынын - 370000,0 миң сом суммасында жана Жалал-Абад шаарынын - 58000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
(КР 2012-жылдын 31-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2012-жылы бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышын 7-тиркемеге ылайык жалпы 43094,0 миң сом, 2013-жылы - 42914,1 миң сом, 2014-жылы - 28383,7 миң сом суммасында камсыз кылсын.
16-берене.
Кыргыз Республикасында минималдык эмгек акынын өлчөмү 2012-жылга 760,0 сом, 2013-жылга - 840,0 сом, 2014-жылга - 900,0 сом суммасында белгиленсин.
17-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджетке өндүрүп алууга жатат. Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбоо, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартууга же токтотууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууга негиз катары кызмат кылат.
2. Бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат.
18-берене.
Коомдук уюмдардын, чыгармачыл бирликтердин, өздүк көркөм чыгармачыл жамааттардын чыгашаларын каржылоого ушул бюджетте көрсөтүлгөн алкакта жол берилет.
19-берене.
Республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландоо кеңейтилген форматта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
20-берене.
Үстүдөгү жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылда бюджетте каралат.
21-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке адамдарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын эсебинен. жүзөгө ашырылат.
22-берене.
Программалык негизде түзүлгөн мамлекеттик органдардын бюджеттери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
Документтин уландысы
Көрсөтүлгөн беренелер: 23 ичинен 22. Калгандары, «23-берене» баштап «23-берене» чейин, өз барактарында ачылат:
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 52 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (52)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №54 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.01.2012 · № 54
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-мартындагы № 1738-V «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.03.2012 · № 1738-V
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
- "Отчет о результатах аудита составления и исполнения республиканского бюджета Кыргызской Республики за 2011 год" (утвержден постановлением Правительства КР от 15 апреля 2013 года…Постановление · 15.04.2013 · № 197
- 2013-жылдын 12-апрели № 190 "2014-2016-жылдарда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2013 · № 190
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-мартындагы № 1739-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.03.2012 · № 1739-V
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча ПрограммаПрограмма · 30.04.2013 · № 218
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 219-б (Мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын пайдалануу үчүн бошотуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.05.2013 · № 219-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 539-б (Дүң кирешеге салык боюнча алдын ала төлөө тууралуу ырастаманын долбоорун жактыруу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 15.11.2012 · № 539-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-октябрындагы № 482-б ("Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына финансылык жардам көрсөтүү) буйругуРаспоряжение · 05.10.2012 · № 482-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 473-б (Айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин берүү менен байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун…Распоряжение · 01.10.2012 · № 473-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 541-б ("Манас Банк" жабык акционердик коому жөнүндө эксперттик корутундуну берүү жөнүндө келишимди түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 20.11.2012 · № 541-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-декабрындагы № 593-б (Бюджеттик ссуда берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 19.12.2012 · № 593-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 14-б ("Лоренц" эл аралык юридикалык фирмасы тууралуу) буйругуРаспоряжение · 20.01.2012 · № 14-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-августундагы № 400-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ишин камсыздоо…Распоряжение · 10.08.2012 · № 400-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 177-б (2012-жылдын 22-25-апрелинде болгон сел жүрүүнүн натыйжасында Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун жабыр тарткан калкына…Распоряжение · 04.05.2012 · № 177-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-декабрындагы № 594-б (Кошумча депозитарий катары милдеттүү төлөмдү Гаага шаарындагы (Нидерланды) Туруктуу Арбитраждык сотунун Трибуналына жүргүзүү…Распоряжение · 19.12.2012 · № 594-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-октябрындагы № 517-б (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин каржылоо боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.10.2012 · № 517-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-июнундагы № 295-б ("АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунун акционерлеринин доосу боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык…Распоряжение · 25.06.2012 · № 295-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 232-б (Дүң кирешеге салык боюнча алдын ала төлөө тууралуу ырастаманын тиркелген долбоорун жактыруу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 07.06.2013 · № 232-р
52 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 80 "Ош шаарынын 2012-жылга бекитилген бюджетные киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитуу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.02.2013 · № 80
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 6-декабрындагы № 2561-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджет жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.11.2012 · № 2561-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2570-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.12.2012 · № 2570-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2571-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.12.2012 · № 2571-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 12-декабрындагы № 3686-V "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.12.2013 · № 3686-V
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар…Постановление · 03.08.2012 · № 543 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 558 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Иманалиев жана К.Бокоев тарабынан демилгеленген "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 08.08.2012 · № 558 · Күчүн жоготкон