12-берене
Күчүндө · 31.12.2012 редакциясы
1. Жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агенти төлөөчү киреше салыгынын пландык түшүүлөрүнөн чегерүүлөрдүн ченемдери 2012-жылга төмөнкүдөй белгиленсин:
1) республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) областтык маанидеги шаарларга - 40 пайыз өлчөмүндө;
3) райондук маанидеги шаарларга - 40 пайыз өлчөмүндө;
4) айылдарга - 10 пайыз өлчөмүндө.
2. Сатуудан түшкөн салыктар жергиликтүү бюджеттерге чегерилсин:
1) республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) областтык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
3) райондук маанидеги шаарларга - 25 пайыз өлчөмүндө;
4) айылдарга - 25 пайыз өлчөмүндө.
3. Жер казынасын пайдалануу үчүн салык (алтын, мунай, газ стратегиялык пайдалуу кендерин кошпогондо, роялти) республикалык маанидеги шаарлардын, областтык маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлардын, айылдардын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө чегерилсин.
4. Жер салыгы, мүлк салыгы, ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патент негизиндеги салык, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөр айылдардын, шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин карамагында 100 пайыз өлчөмүндө калтырылсын.
5. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын атайын каражаттарына салык тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине кошууга жатат.
6. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченеми пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөр менен бирдей ченемде белгиленсин.
7. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 31.12.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203641/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>