6-берене
Күчүндө · 31.12.2012 редакциясы
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер жана калктын аманаттарын индексациялоо боюнча жүргүзүлөт.
2. Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
3. Чыгашалардын беренелерин каржылоо жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2012-2014-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
Берененин тексти 31.12.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203641/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>