8-берене
Күчүндө · 31.12.2012 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнөн, түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттери менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө;
3) мамлекеттик кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү кароого.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Мыйзамдын тиркемесине киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана тактоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
Берененин тексти 31.12.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203641/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>