Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын пайдалануу үчүн бошотуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 30-майы № 219-б (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-декабрындагы № 470-б буйругунун редакциясына ылайык) Мектепке чейинки билим алуу укугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү тутумун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине жана "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык:
1. Мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын ээлешкен министрликтер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комитет, ошондой эле муниципалдык мекемелерди жана уюмдарды кошкондо башка мекемелер жана уюмдар 2013-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө аларды кийин тикелей багыты боюнча пайдалануу үчүн бошотуу боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- 2013-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарына жайгаштырылган мамлекеттик органдардын, муниципалдык мекемелерди жана уюмдарды кошкондо мекемелердин жана уюмдардын тизмесин түзүшсүн жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө беришсин;
- 2013-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөттө мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарына жайгаштырылган мамлекеттик органдарга имараттарды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизишсин;
- 2013-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын ээлешкен министрликтер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комитет, ошондой башка мекемелер жана уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бошотулган имараттарын белгиленген тартипте өткөрүп беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бошотулган имараттарын калыбына келтирүүгө чыгымдардын сметасын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарынын бошотулган имараттарын калыбына келтирүү үчүн финансылык каражат бөлүүнү караштырган "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бошотулган имараттарын калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен финансылык каражатты берилген сметага ылайык бөлсүн.
4-1. Бул буйруктун күчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарына жана мекемелерине, ошондой эле башка аскердик түзүлүштөргө карата колдонулбайт.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-июнундагы № 5264-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 18.06.2015 · № 5264-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 4-июну № 4117-V "Областтык түзүмдөр ээлеп турган социалдык чөйрөнүн объекттерин бошотуу жана Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине…Постановление · 05.06.2014 · № 4117-V
- Кадамжай шаардык кеңешинин 2017-жылдын 10-октябрындагы № 33“Теремок” балдар бакчасынын имаратын бошотуу жөнүндөПостановление · 02.10.2017 · № 33
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-декабрындагы № 470-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 219-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 02.12.2013 · № 470-р
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.04.2012 · № 41
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.