49-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2019 года № 118
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
Айылдык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы кызмат ордуна кирген күнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу деп эсептелет.
2. Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнүн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айыл кеңешинин биринчи сессиясы өткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалбайт. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт, талапкерлерди депутаттар жана райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким көрсөтөт. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде:
- кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
5. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
6. Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган учурларда Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу. Эгерде кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт. Тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен, мында, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат;
3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда;
5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда, мында, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы ишеним көрсөтпөөнүн мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат;
10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
8. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда аким 3 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
9. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны ээлеген кызматынан 3 жумушчу күндүн ичинде бошотот.
10. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына же болбосо улук административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган адамга жүктөлөт.
(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 2018-жылдын 15-февралындагы N 21 , 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 февраля 2018 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (869)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 28-ноябрындагы №168 "Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун…Постановление · 28.11.2019 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 205 "Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл…Постановление · 13.11.2018 · № 205
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 24-октябрындагы №154 "Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону…Постановление · 24.10.2019 · № 154
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 19-декабрындагы №180 "Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону…Постановление · 19.12.2019 · № 180
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 10-январындагы №2 "Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо…Постановление · 10.01.2019 · № 2
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 148 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 20.09.2013 · № 148
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 15-октябрындагы № 253 "Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Чүй…Постановление · 15.10.2020 · № 253
- Крупская атындагы айыл Кеңешинин 2017-жылдын 10-январындагы № 01-1/1 "Крупская атындагы айылдык Кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.01.2017 · № 01-1/1
- НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ (Новопавловка айылдык кеңешинин 21.05.2021-ж. №02/4)Регламент · 21.05.2021 · № 02/4
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-мартындагы № 50 "Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва…Постановление · 13.03.2018 · № 50
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-майындагы №55 "Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил, Талас облусунун…Постановление · 03.05.2019 · № 55
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24- июлундагы № 130 "Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын…Постановление · 24.07.2013 · № 130
- Гроздь айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-октябрындагы № 6 "Гроздь айыл кеңешинин регламенттин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.01.2017 · № 6
- Жаңы-Пахта айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 01-майындагы № 01 “Жаңы-Пахта айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын регламентин бекитүү” токтомуПостановление · 01.05.2017 · № 01
- Красный Восток айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-августундагы № 2/1 "Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.08.2017 · № 2/1
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 8-майындагы №58 "Ош облусунун Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай, Чүй облусунун Кемин районунун…Постановление · 08.05.2019 · № 58
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 07-майындагы № 72 "Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын…Постановление · 07.05.2012 · № 72
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 17-июнундагы № 482 "2021-жылы 10, 11, 12-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак…Постановление · 17.06.2021 · № 482
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 17-июнундагы № 485 "2021-жылы 11, 12-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш…Постановление · 17.06.2021 · № 485
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 17-июнундагы № 487 "2021-жылы 9, 10, 11-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек…Постановление · 17.06.2021 · № 487
869 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 21.11.2014 · № 158
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-49" title="49-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>