КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-сентябры № 148 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-августундагы № 137 токтому менен Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 4-сентябрына дайындалган. Айылдык кеңештин 11 депутатынан 7 депутат катышкан. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнүн талабы аткарылбагандыктан шайлоо өткөн эмес. Жогоруда аталган токтомдун негизинде Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 4-сентябрына дайындалган. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна эки талапкер катталып, шайлоого айылдык кеңештин 21 депутатынан 20 депутат катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында эки талапкер тең жетиштүү добуш алышкан эмес. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Сапаралиев Б.Н. өзүнүн арызынын негизинде Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2013-жылдын 17-сентябрындагы № 44 буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. 2013-жылдын 18-августунда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Тогуз-Торо, Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү. Аталган жергиликтүү кеңештердин биринчи уюштуруу сессиялары өтүп өттү. 2013-жылдын сентябрь айында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовский, Целинный; Жайыл районуна караштуу Суусамыр; Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча; Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булак; Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Татыр; Лейлек районуна караштуу Лейлек айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктайт. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесиндеги 2-, 3-, 4-, 5-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын:
- Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо;
- Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо;
- Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовский, Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо;
- Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, - 2013-жылдын 3-октябрына дайындалсын.
2. Кемин, Бакай-Ата, Жумгал, Түп, Тогуз-Торо, Чаткал, Жайыл, Москва, Аламүдүн, Баткен, Лейлек аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П.Баженовко жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
А. Шайымкулова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-августундагы № 137 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 20.08.2013 · № 137
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.