Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука жана Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-ноябры №168 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука жана Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 29-июлундагы № 154-б буйругу менен Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүрович "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 234-б буйругу менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбек "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Жалал-Абад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 259-б буйругу менен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Мураталиев Нурбек Якуббекович "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука, Аксы районун Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2019-жылдын 17-декабрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ат-Башы, Ала-Бука жана Аксы аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
А.Бекматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 18-декабрындагы №178 "Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону…Постановление · 18.12.2019 · № 178
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 18-декабрындагы №179 "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра…Постановление · 18.12.2019 · № 179
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 27-декабрындагы №182 "2019-жылы 17-декабрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука…Постановление · 27.12.2019 · № 182
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички…Постановление · 19.08.2020 · № 2020-П-14/46-4-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 27-августундагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү…Постановление · 27.08.2018 · № 170