Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил, Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-майы №55 Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил, Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 39 токтому менен 2019-жылдын 24-апрелине дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил, Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил, Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. Жумгал, Нарын жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Байзак айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 24-апрелиндеги шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Качкынбаев Кайрат Кедейбекович табылсын.
2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 24-апрелиндеги шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович табылсын.
3. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 24-апрелиндеги шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Усубалиев Медербек Токтогулович табылсын.
4. Жумгал, Нарын жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялары шайланган айыл өкмөтүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги №39 "Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил жана Талас…Постановление · 05.04.2019 · № 39
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98