31-берене. Шаардык жана айылдык кеңештердин компентенциясы
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2019 года № 115
1. Шаардык жана айылдык кеңештер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Шаардык, айылдык, райондук кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын башчысынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө отчетун угуу;
7) фракциядан чыккан учурду кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдери аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
3. Шаардык кеңештердин кошумча ыйгарым укуктары:
1) шаардын мэрин шайлоо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
3) мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө;
4) мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;
5) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.
4. Айылдык кеңештердин кошумча ыйгарым укуктары:
1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
3) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
4) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
5) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу, жайыттар боюнча башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү.
5. (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2015-жылдын 17-февралындагы № 34, 2016-жылдын 7-майындагы № 56 ? 2019-жылдын 8-августундагы N 115 , 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 мая 2016 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О пастбищах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 февраля 2015 года № 34 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын кошулду: башчысынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө алынып салынды: отчетту кошулду: отчетун угуу;
7) фракциядан чыккан учурду кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген … Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
3. алынып салынды: Шаарлардын кеңештеринин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер кошулду: Шаардык кеңештердин кошумча алынып салынды: чечилет:
кошулду: ыйгарым укуктары:
1) шаардын мэрин шайлоо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте … кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.
4. Айылдык кеңештердин алынып салынды: сессияларында кошумча алынып салынды: иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
кошулду: ыйгарым укуктары:
1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген … 192, 2015-жылдын 17-февралындагы № 34, 2016-жылдын 7-майындагы № 56 кошулду: ? 2019-жылдын 8-августундагы N 115 , 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (494)
- Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 125 "«Таш-Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитуу жөнүндө»" токтомуПостановление · 18.11.2016 · № 125
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 34 ""Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутатынын бош мандатын ээлөө жөнүндө" Нарын…Постановление · 11.03.2013 · № 34
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-октябрындагы № 27 "Кызыл-Туу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2016 · № 27
- Күнтуу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 4/1 "Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» - бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.10.2016 · № 4/1
- Кочкорбаев айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 10 / III -27 «Комиссиянын курамын бекитүү» токтомуПостановление · 28.02.2017 · № 10 / III -27
- Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 15 "Кичи ГЭС куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2017 · № 15
- Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 19 "Мал көмүлүүчү жайды куруп-салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2017 · № 19
- Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 37 "Чапаев айыл аймагында жайгашкан туташ көлмөлөрдүн (суу топтолгон көлчүктөрдүн) астындагы жер участокторун белгилеп…Постановление · 18.12.2017 · № 37
- Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 20 «Спартак-Суу» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин керектелген электроэнергия үчүн кредитордук…Постановление · 21.06.2017 · № 20
- Красный Восток айылдык кенешинин 2020-жылдын 21 январындагы № 16/1 "Красный Восток айыл аймагынын акча каражатынын калдыгын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2020 · № 16/5
- Кемин шаардык кеңешинин 2016 жылдын 24 октябрындагы №2-6-27 "«Кемин шаардык жергиликтуу жамаатынын Уставын» бекитуу женундө" токтомуПостановление · 24.10.2016 · № 2-6-27
- Боролдой айылдык кеңешинин 2016 жылдын 25 октябрындагы № 7 «Боролдой айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставын бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 25.11.2016 · № 7
- Александровка айылдык кеңешинин 2016 жылдын 18 ноябрындагы №103 "«Александровна айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү женүндө" токтомуПостановление · 18.11.2016 · № 103
- Фрунзе айылдык кеңешенин 2016 жылдын 26 октябрындагы №76 "«Фрунзе айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.10.2016 · № 76
- 2016 жылдын 26 октябрындагы № 93 "Бурана айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитуу жөнүндө"токтомуПостановление · 26.10.2016 · № 93
- Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 44/XXI-26 «Кочкорбаев айылдык аймактын жергиликтүү жамаачыиын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2016 · № 44/XXI-26
- Постановление Ноокенского районного кенеша от 28 января 2012 года №1 " Об утверждении Регламента Ноокенского районного кенеша"Постановление · 28.01.2012 · № 1
- Кызыл-Октябрь айылдык Кенешенин 2017-жылдын 21-июнундагы № 28/2-4 "«Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.10.2017 · № 28/2-4
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 12-январындагы № 43/XV –1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.01.2018 · № 43/XV –1
- Грозди айылдык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы № 209 "«Гроздь айыл аймагынын жергиликтүү жаматынын Уставын» бекитүү жөнүндө"" токтомуПостановление · 31.10.2016 · № 209
494 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 03.08.2012 · № 149
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-31" title="31-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>