32-берене. Жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2019 года № 115
1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
Жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.
2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттык фракцияларынын жана депутаттарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзө, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
3. Туруктуу комиссиялар депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
4. Бюджет жана финансы маселелерин карай турган шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы, шаардык кеңеште азчылык фракция же фракциялардын коалициясы болбогон учурларды кошпогондо, азчылык фракциянын же фракциялар коалициясынын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
Бюджет жана финансы маселелери боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын курамы шаардык кеңешти түзүүчү бардык фракциялардын же фракциялардын коалициясынын мүчөлөрүнөн түзүлөт. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, аны тиешелүү комиссияга көрсөткөн депутаттык фракциянын же топтун сунушу боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
8. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
9. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
10. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
11. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте туруктуу негизде жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын иш-аракетинин үзүрдүүлүгүн жана натыйжалуулугун ачыктоо максатында аларга мониторинг жүргүзөт жана баа берет.
Туруктуу комиссиялар ченемдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзүүдө жана баа берүүдө көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартууга укуктуу. (КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 , 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июля 2014 года № 138 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
кошулду: Жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.
2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттык фракцияларынын жана алынып салынды: топторунун кошулду: депутаттарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым … кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
4. кошулду: Бюджет жана финансы маселелерин карай турган шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы, шаардык кеңеште азчылык фракция же фракциялардын коалициясы болбогон учурларды кошпогондо, азчылык фракциянын же фракциялар коалициясынын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
алынып салынды: Комиссиялар өзүнүн кошулду: Бюджет жана финансы маселелери боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын курамы шаардык кеңешти түзүүчү бардык фракциялардын же фракциялардын коалициясынын мүчөлөрүнөн түзүлөт.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
5. … менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
кошулду: 11. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте туруктуу негизде жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын иш-аракетинин үзүрдүүлүгүн жана натыйжалуулугун ачыктоо максатында аларга мониторинг жүргүзөт жана баа берет.
Туруктуу комиссиялар ченемдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзүүдө жана баа берүүдө көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартууга укуктуу.
(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 кошулду: , 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (50)
- Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 62 "№7296, 7297 участкалык шайлоо комиссияларынын курамындагы Чапаев айыл кеңешинин өкүлдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2018 · № 62
- Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 59 "Чапаев айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2018 · № 59
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы № 5 "Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларын тγзγγ, алардын курамдык санын жана курамын бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 30.05.2016 · № 5
- Балыкчы шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-июнундагы № 2 "Балыкчы шаардык Кеңешинин депутаттык туруктуу комиссиялардын курамдарын бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 22.06.2021 · № 2
- Балыкчы шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-июнундагы № 3 "Балыкчы шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жөнүндө"токтомуПостановление · 22.06.2021 · № 3
- Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24-майындагы № 3/I-28 "Туруктуу комиссиялардын төрөгаларын жана комиссия мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.05.2021 · № 3/I-28
- Ак-Таш айылдык кеңешинин 2013-жылдын 12-июлундагы № 1 "Ак-Таш айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жана бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2013 · № 1
- Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 9 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2012 · № 9
- Балыкчы шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 2/1 "Балыкчы шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2016 · № 2/1
- Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-январындагы № 2 «Айылдык кеңештин төмөнкүдөй туруктуу комиссиялары түзүү жөнүндө» токтомуПостановление · 09.01.2017 · № 2
- 2016-жылдын 30-декабрындагы № 4/I - 4 "Кайыңды шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2016 · № 4/1-4
- Талды-Булак айыл кенешинин 2017-жылдын 26-январындагы № 2/3 "Талды-Булак айыл кеңешинин туруктуу комиссиялары тууралуу" токтомуПостановление · 26.01.2017 · № 2/3
- Акман айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-январындагы № 4 "Акман айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын жана комиссия төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2017 · № 4
- Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 60 "Чапаев айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын сатууну чектөө жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2018 · № 60
- Кочкорбаев айылдык кенешинин 2021-жылдын 25-майы № 2/1-28 "Кочкорбаев айыл аймагынын Кочкорбаев айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларын түзүп бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2021 · № 2/1-28
- Интернационал айылдык кеңешинин 2012 жылдын 25 декабрындагы №5/I–26 "Туруктуу социалдык жана мыйзам чегинде укуктук тартип комиссиясынын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2012 · № 5/I–26
- Интернационал айылдык кеңешинин 2012 жылдын 25 декабрындагы №3/I–26 "Туруктуу бюджет жана финансы комиссиясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2012 · № 3/I–26
- Интернационал айылдык кеңешинин 2012 жылдын 25 декабрындагы №4/I–26 "Туруктуу агрардык жана жер комиссиясынын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2012 · № 4/I–26
- Жээк айыл аймагынын Жээк айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 8 "Интернационал айылдык кеңештин жана Жээк айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу…Постановление · 16.04.2024 · № 8
- Жээк айыл аймагынын Жээк айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 10 "Интернационал айылдык кеңештин жана Жээк айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу…Постановление · 16.04.2024 · № 10
50 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-32" title="32-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>