Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө“, „Жайыттар жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 7-майы № 56 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
1-берене. (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене. "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "башчылары," деген сөздөн кийин "жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "жана" деген сөздөн кийин ", жергиликтүү айылдык аймактардын администрациялык-аймактык бирдиктеринин учурдагы чектерин эске алуу менен," деген сөздөр менен толукталсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Өз убагында мамлекеттик актынын негизинде колдонууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жайыттар, жерлердин чектери жергиликтүү айылдык аймактардын ушул администрациялык-аймактык бирдиктерине ылайык тиешелүү айылдык аймактын карамагына кирет. Мамлекеттик актынын мөөнөттөрүнө ылайык жайыт белетин милдеттүү сатып алууда тиешелүү айылдык аймактардын жайыт пайдалануучуларына (жайыт комитеттерине) жайыттар пайдаланууга берилиши мүмкүн.";
2) 6-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын депутаттарынан" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жайыт комитетинин төрагасы тиешелүү айылдык аймактын башчысынын сунушу боюнча жайыт пайдалануучулардын добуштарынын көпчүлүгү менен шайланат.";
3) 10-берененин 7-бөлүгүндө "ошол жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеши шарт" деген сөздөр "учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбестен. Мөөнөтү өткөн төлөмдүн жалпы өлчөмүнө ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн туум кошулуп эсептелинет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 11-берененин 3-бөлүгүндө "үлүшүн түзүүчү бөлүгү" деген сөздөр "жалпы үлүшүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес салыктардын төлөмүн эске алуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Ыйгарым укуктуу орган жайыттардын табигый абалынын сакталышын контролдойт. Жайыттардын табигый абалынын бузулушуна жол берилген учурда (жаратылыш кырсыктарын эсепке албаганда) күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №13 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2017 · № 13
- Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы № 6-3 "Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип…Постановление · 20.02.2017 · № 6-3
- Кара-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 11-ноябрындагы №IX/V "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жайыт…Постановление · 11.11.2017 · № IX/V
- Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 38 “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 02.02.2018 · № 38
- Көк-Жар айылдык кеңешинин 2018-жылдын 05-февралындагы № 11-2 "Көк-Жар жайыт пайдалануучулардын 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2018 · № 11-2
- Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-сентябрындагы №154 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу, 2019-жылга…Постановление · 04.09.2019 · № 154
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон