Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешенин ««Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Октябрь айылдык кенешенин 28 - чакырылышынын кезектеги сессиясы
2017-жылдын 21-июну № 28/2-4 «Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Чуй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Кызыл-Октябрь айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин
Төрага
Усубалиев Э.А.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 2 мая 2001 года УП №152 "О мерах по повышению роли народных курултаев представителей местных сообществ Кыргызской Республики в управлении делами местного…Указ · 02.05.2001 · № 152 · Күчүн жоготкон