21-1-берене. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын - акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлик боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сунуш киргизүү;
2) жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын отчетун угуу;
3) өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен ишеним көрсөтпөөнү билдирүү;
4) "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген санда аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн талапкерликтерди Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүү, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына талапкерликтерди көрсөтүү.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени демилгелөө катары жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн бири кол койгон жазуу жүзүндөгү сунуштамасы эсептелет. Сунуштамага кол койгон депутат өзүнүн кол тамгасын чакыртып алууга укугу жок.
3. Жыйналыш жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ишинин уюштуруучулук-укуктук негизги формасы болуп эсептелет. Жыйналыштарды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын регламентинде аныкталат.
4. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
5. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын биринчи жыйналышын тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештеринин төрагаларынын ичинен жашы боюнча улуусу ачат.
6. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйналыштары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында бекитилген регламентке ылайык жыйналыштарга катышууга укуктуу.
Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга кирген учурларда, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
7. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиуму үч адамдан турган курамда жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын ичинен шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын ичинен катчылыкты жана эсептөө комиссиясын ар бири үч адамдан турган курамда шайлайт.
8. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы президиумдун курамынан жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасын шайлайт.
9. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы, президиуму, катчылыгы жана эсептөө комиссиясы 1 жылга шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумунун, катчылыгынын, эсептөө комиссиясынын кийинки курамы жана төрагасы ушул беренеде белгиленген тартипте шайланат.
10. Премьер-министр ушул Мыйзамдын 1-бөлүгүндө белгиленген маселелер боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакырууга укуктуу, Премьер-министр тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакыруу жөнүндө кат жөнөтөт.
11. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы токтом түрүндө чечим кабыл алат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын токтомуна жана протоколдоруна жергиликтүү кеңештердин бардык төрагалары кол коет жана бардык жергиликтүү кеңештердин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (130)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 528 "Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2021 · № 528
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-мартындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын…Постановление · 13.03.2018 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо…Постановление · 30.03.2018 · № 68
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №9 "Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2020 · № 9
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 520 "Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо…Постановление · 19.10.2017 · № 520
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 26 сентября 2013 года № 150 "О внесений изменений в резервы территориальных избирательных комиссий…Постановление · 26.09.2013 · № 150
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 103 "Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө"…Постановление · 04.05.2017 · № 103
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнундагы № 144 "Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо…Постановление · 13.07.2017 · № 144
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 8-февралындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин…Постановление · 08.02.2019 · № 9
- Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 29-марты № 93 "Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын…Постановление · 29.03.2021 · № 93
- КР Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 685 "Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин…Постановление · 09.09.2021 · № 685
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 10-январындагы №3 "Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү…Постановление · 10.02.2020 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 23-сентябрындагы № 707 "Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана…Постановление · 23.09.2021 · № 707
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 415 "Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ысык-Көл…Постановление · 05.09.2017 · № 415
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы № 332 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад; Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо…Постановление · 07.08.2017 · № 332
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 25-августундагы № 376 "Баткен облусунун Лейлек; Жалал-Абад облусунун Чаткал; Талас облусунун…Постановление · 25.08.2017 · № 376
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук омиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 448 "Ысык-Көл облусунун Түп; Жалал-Абад облусунун Чаткал; Нарын облусунун Ат-Башы…Постановление · 15.09.2017 · № 448
- Кыргыз республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 11 июлундагы № 224 " Жалал-Абад облусунун Ноокен, Баткен облусунун Кадамжай…Постановление · 11.07.2017 · № 224
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы № 310 "Бишкек; Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон; Ош облусунун Кара-Кулжа, Чоң-Алай…Постановление · 02.08.2017 · № 310
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 176 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Токмок…Постановление · 17.09.2018 · № 176
130 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-21-1" title="21-1-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>