Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Жергиликтүү кеңештер
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2012 года № 149
1. Жергиликтүү кеңештер - ушул Мыйзам, шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.
2. Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй жергиликтүү кеңештер белгиленет:
1) айылдык кеңеш - айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;
2) шаардык кеңеш - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;
3) (КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Жергиликтүү кеңештер жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
4. Жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештери жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарын өткөрүүгө жана ушул Мыйзамга ылайык токтом түрүндө биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кеңештердин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Шаардык кеңештердин шайланган депутаттары партияга таандыктуулугуна ылайык депутаттык фракцияларга (мындан ары - фракциялар) биригишет. Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык кеңештеги фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчүлүк деп саналат. Көпчүлүк фракцияларынын коалициясына кирбеген фракция же фракциялар шаардык кеңеште азчылык деп саналат.
Шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк фракцияларынын коалициясына бириккен учурда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагалыгы, шаардык кеңеште азчылык фракция же фракциялардын коалициясы болбогон учурларды кошпогондо, азчылык фракцияга же фракциялардын коалициясына берилет.
6. Депутаттык фракцияларды, фракциялардын коалициясын түзүү жана алардын иштөө тартиби шаардык кеңештин регламентинде белгиленет.
(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 , 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы № 32-р ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Сот практикасы · Решение · 04.06.2014 · № № 32-р
Беренеге цитата келтиргендер (16)
- Беловодск айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 8 «Беловодск айылдык кеңешинин Уставын бекитүү» токтомуПостановление · 30.07.2021 · № 8
- Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-февралындагы № 49/10-4 "Токмок шаардык кеңеши мекемесинин Уставынын жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.02.2017 · № 49/10-4
- Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 10/4-4 "«Токмок шаардык кеңеши жѳнүндѳ Жобону» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2016 · № 10/4-4
- Чуй айылдык кенешинин 2020-жылдын 4-февралындагы №26/12 "Чүй айыл аймагында жайгашкан короо жайга тиешелүү жер тилкесин мечит курууга (категориясын өзгөртүү) жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2020 · № 26/12
- Кант шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 81/XII-27 "Кант шаардык кеңешинин жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.12.2018 · № 81/XII-27
- 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 1/1-4 "«Таза коом» фракциялардын көпчүлүк коалициясын каттоо жөнүндө"Постановление · 29.04.2016 · № 1/1-4
- Чүй айылдык кеңешинин 2019-жыллдын 14-мартындагы №18/5 "Чүй айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери»…Постановление · 14.03.2019 · № 18/5
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 1/I - 1 "Кайыңды шаардык кеңешинде коалиция түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2016 · № 1/I - 1
- Люксембург айылдык кеңешинин 2019-жылдын 09-декабрындагы № 134/26/27 "Люксембург айылдык кеңешин түзүү зарылчылы жөнүндө" токтомуПостановление · 09.12.2019 · № 134/26/27
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 18.01.2016 · № 14
- Чуй айылдык кенешинин 2020-жылдын 4-февралындагы №26/11 "Чүй айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба багытындагы жер категориясынан "Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын…Постановление · 04.02.2020 · № 26/11
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2012-жылдын 25-декабрындагы № 1/I-1 "Кайыңды шаардык кеңешинде коалиция түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2012 · № 1/I-1
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы № 32-р ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Решение · 04.06.2014 · № № 32-р
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 03.08.2012 · № 149
- КР Президентинин 2012-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 57 "Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 05.03.2012 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Кант шаардык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 104/XIX-26 "Кант шаардык Кеңешинин жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2014 · № 104/XIX-26 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-21" title="21-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>