Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 13-марты № 52 Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө" Жобосуна, аймактык шайлоо комиссиялардын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2018-жылдын 14-февралындагы жана 7-мартындагы чечимдерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2018-жылдын 9-январындагы кайрылуусунун негизинде, аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарынын токтомдорунун, саясий партиялардын протоколдорунун негизинде, ошондой эле 2018-жылдын 14-февралындагы жана 6-мартындагы чүчүкулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамына, алардын саны аймактык шайлоо комиссиялары боюнча мүчөлөрүнүн каралган санынан ашпаган саясий партиялардын талапкерлери, № 1 тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Бишкек, Ош, Кадамжай, Балыкчы, Жети-Өгүз, Нарын, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын курамына, 2-тиркемеге ылайык, 2018-жылдын 14-февралында жана 6-мартында өткөрүлгөн чүчүкулактын жыйынтыгына ылайык саясий партиялардын талапкерлери киргизилсин.
3. Саясий партиялардан кирген шайлоо комиссиясынын мүчөсү мөөнөтүнөн мурда мүчөлүктөн чыккан учурда, бош калган орундарга чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча тиешелүү шайлоо комиссияларынын курамына кирбей калган саясий партиялардын талапкерлеринен 3-тиркемеге ылайык резерв түзүлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлеринен 4-тиркемеге ылайык резерв түзүлсүн.
5. Аймактык шайлоо комисиялардын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2018-жылдын 7-мартындагы чечимине ылайык, резервден Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери 5-тиркемеге ылайык киргизилсин.
6. Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынын мүчөлөрү 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Бул токтом, Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссиялардын курамдары, резервдери жана даректери "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлу № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 7
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375" Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө…Постановление · 18.10.2011 · № 375
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7
- Положение "О порядке формирования и ведения резерва избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КРот 18 октября…Положение · 18.10.2011 · № 375