Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 10-январы №3 Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосуна, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2020-жылдын 9-январындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2019-жылдын 12-ноябрындагы кайрылуусунун, аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарынын токтомдорунун, саясий партиялардын протоколдорунун, ошондой эле 2020-жылдын 10-январындагы чүчүкулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамына саны аймактык шайлоо комиссиялары боюнча мүчөлөрүнүн мыйзамда белгиленген санынан ашпаган саясий партиялардын талапкерлери № 1 тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Сузак, Балыкчы, Ноокат, Токмок, Аламүдүн, Сокулук жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына 2-тиркемеге ылайык 2020-жылдын 10-январында өткөрүлгөн чүчүкулактын жыйынтыгына ылайык саясий партиялардын талапкерлери киргизилсин.
3. Саясий партиялардан кирген шайлоо комиссиясынын мүчөсү мөөнөтүнөн мурда мүчөлүктөн чыккан учурда, бош калган орундарга чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча тиешелүү шайлоо комиссияларынын курамына кирбей калган саясий партиялардын талапкерлеринен 3-тиркемеге ылайык резерв түзүлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлеринен 4-тиркемеге ылайык резерв түзүлсүн.
5. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2020-жылдын 9-январындагы чечимине ылайык резервден Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери 5-тиркемеге ылайык киргизилсин.
6. Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынын мүчөлөрү 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдары, резервдери жана даректери "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү…Постановление · 06.12.2019 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасында Комуз күнүн белгилөө жөнүндө " токтомуПостановление · 10.01.2020 · № 3
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон