Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө» токтому.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-июну № 144 Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-апрелиндеги жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусунун, Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12-майындагы № 10 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Душебай кызы Айтолкун, Жаныбек кызы Алтынай, Бектемир кызы Акзыйнат, Кудайбердинов Касымбек Аканович, Алыбаева Махабат Бузурманкуловна - Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375" Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө…Постановление · 18.10.2011 · № 375
- Осмонкулов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12-майындагы № 10 «Таза Суу «ИСКАКБ «Үч-Кошой» 2017-жылдагы суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок…Постановление · 12.05.2017 · № 10
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.