Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 19-июну № 528 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө" Жобосуна, аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 19-июнундагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2021-жылдын 12-майындагы кайрылуусунун негизинде, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө Ош шаардык кеңешинин жыйналышынын токтомдун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 19-июнундагы чечимине ылайык, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлу № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 7
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375" Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө…Постановление · 18.10.2011 · № 375
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7
- Положение "О порядке формирования и ведения резерва избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КРот 18 октября…Положение · 18.10.2011 · № 375