18-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 апреля 2017 года № 64
1. Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык кылынат:
1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;
14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
23) Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына таандык кылынган кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
24) калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү.
25) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн ыйгарым укуктар ушуну менен бүттү деп эсептелбейт жана жергиликтүү жамааттар менен алардын органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну чектебейт.
(КР 2012-жылдын 19-июнундагы № 87, 2014-жылдын 13-январындагы № 10, 2014-жылдын 15-майындагы № 67, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 апреля 2017 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам охраны и защиты от семейного насилия"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 декабря 2016 года № 196 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности", "О местном самоуправлении")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 мая 2014 года № 67 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики «О местном самоуправлении»"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 января 2014 года № 10 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 июня 2012 года № 87 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"Редакцияларды салыштыруу
27.04.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүзөгө ашыруу.
24) калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү.
кошулду: 25) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн ыйгарым укуктар ушуну … № 10, 2014-жылдын 15-майындагы № 67, 2016-жылдын 12-декабрындагы № алынып салынды: 196 кошулду: 196, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (131)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө"…Постановление · 19.11.2013 · № 58
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 28-майындагы № 97/XXIX-1 "Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы №95/XXVIII-3 “Калк жашаган аймактагы таштандыларды ташып…Постановление · 28.05.2019 · № 97/XXIX-1
- Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-мартындагы № 03-8а "Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин…Решение · 29.03.2018 · № 03-8а
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28 сентябрындагы №85-27 "Аламүдүн айыл аймагынын спорт комплексинин имаратын ага жанаша жаткан аймагы менен муниципалдык менчикке өткөрүп…Постановление · 28.09.2018 · № 85- 27
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-июлундагы № 24-27 "Темир” МИ жоюлгандан кийин анын имараты жана ага жанаша аймак Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл…Постановление · 14.07.2017 · № 24-27
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 34-27 "Кыргыз Алтын Курулуш” ААКнын имаратын ага жанаша жаткан аймагы менен Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине…Постановление · 29.11.2017 · № 34-27
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 35-27 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин имаратын жана ага жанаша жаткан…Постановление · 29.11.2017 · № 35-27
- Чый айылдык кенешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы №23/1 "Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019 – жылдын 9 - айынын жыйынтык иштери жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2019 · № 23/1
- Чуй айылдык кенешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы №23/6 "Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн 2019 -жылдын 9-айында аткарган иштери туралуу" токтомуПостановление · 22.11.2019 · № 23/6
- Чүй айылдык кеңешинин 2014-жылдын 25-январындагы № 13/7 "Чүй айылдык аймагынын Чүй айыл өкмөтүнүн “Кварталныйлары жөнүндөгү” жобонун долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.01.2014 · № 13/7
- Чапаев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июлундагы № 88 "Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.07.2019 · № 88
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 40 "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 15.02.2021 · № 40
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20 -январындыгы № 13"Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 20.01.2021 · № 13
- Постановление Правительства КР от 28 марта 2016 года № 152 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О пробации""Постановление · 28.03.2016 · № 152
- КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин-министринин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 204 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 22.11.2017 · № 204
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-октябрындагы № 27 "Кызыл-Туу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2016 · № 27
- Күнтуу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 4/1 "Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» - бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.10.2016 · № 4/1
- Целинный айылдык кеңешинин 2016-жылдын 23-декабрындагы № 112 "Целинный айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын»бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2016 · № 112
- Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 12 “Муниципалдык турак жайды акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 28.09.2021 · № 12
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 "Кара-Балта шаарынын суу түтүгүн жана канализацияны колдонуу эрежеси” жана “Кара-Балта шаарынын канализациясына өндүрүш…Постановление · 04.06.2015 · № 11
131 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-18" title="18-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>